Аптанын экинчи жарымында Бишкек шаарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу синоптиктердин алдын ала божомолунда айтылат.
18-декабрда түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы −2 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз аба +6 градуска чейин жылып, жаан карга айланышы мүмкүн.
19-декабрда түнкүсүн дагы кар жаайт, температура −5 градуска чейин түшөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +5 градус болот.
20-декабрда асман жарым-жартылай булуттуу. Түнкүсүн −6 градус, ал эми күндүз +4 градуска чейин жылыйт.
21-декабрда кайрадан кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн температура −4 градуска жакын болсо, күндүз аба +3 градуска чейин көтөрүлөт.


