Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайынын начарлашына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизди.

Маалыматка ылайык, чектөө саат 08:00дөн тарта күчүнө кирген. Буга бороон жана катуу шамал себеп болуп, жолдогу көрүнүш начарлаган.

Учурда башка жеңил унаалар үчүн жол ачык бойдон калууда. Бирок Бишкек менен өлкөнүн түштүгүн байланыштырган трассада абал татаал бойдон калууда.

Жол тейлөө кызматтары жолду үзгүлтүксүз тазалап, тайгактыкты азайтуу үчүн кум-туз аралашмасын себүүдө.

Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алып, сапарларын алдын ала пландап, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз