Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте эттин баасын жөнгө салуу боюнча рейд өттү

Бишкекте эттин баасын жөнгө салуу боюнча рейд өттү

Эттин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында Бишкектеги базарларда рейд өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, Ленин райондук администрациясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү катышты.

Рейдде эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, наркты негизсиз жогорулатпоого жана калкты жеткиликтүү баада сапаттуу эт менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Ленин районунун аймагында социалдык баада эт саткан соода түйүндөрүнүн иши талдоого алынды.

Гезит

УҢГУЖОЛ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

  “Күн алдында мугалимден бийик эч ким жок"  (Байыркы грек макалы)               Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар