Башкы беткеАналитикаУҢГУЖОЛ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

УҢГУЖОЛ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

  “Күн алдында мугалимден бийик эч ким жок»  (Байыркы грек макалы)

              Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү жарлыгынын кириш сөзүндө: “Карт тарыхтын катаал жолуна кыргыз эли менен үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдер, бүгүн дүйнөнүн этносаясий айдыңында жок. Алардын аталыштары тарых барактарында гана калды. Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура, өзүнө гана таандык баалуулуктары жана нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы негизги омок болуп берди”, – деп баса белгиленген.

Мамлекеттүүлүктүн сакталышына элдин саны же күчү жетиштүү болбойт.  Калкы миллиондуу кээ бир этностор азыр да өз алдынча өлкөгө айлана албай келе жатканына баарыбыз күбөбүз. Демек, мамлекеттүүлүккө жетиш үчүн көптөгөн талаптар, сапаттар керектелет. Ал талап-сапаттар жасалма жол же кимдир бирөөлөрдөн үйрөнүп алуу менен эле келе калбайт. Туура, тагдыр маселеси бар, бакты маселеси бар, бирок ошол эле учурда, ошол тагдырды өзгөртүүгө карай тынымсыз күрөш, ишеним, аракет, эң негизгиси эл ичинен суурулуп чыккан лидерлер керек. Учурунда улуттун кызыкчылыгы үчүн кара жанын курман кылгандар чыкпаса, азыр кандай абалда болот элек? Мына ошол элибизден чыккан улуттук лидерлер, журт аталары эң биринчи кезекте көңүлдү билимге койгон.

Мында журт аталарын эмес, алардын ата-энелерине рахмат айтышыбыз  керек. Алар балдарына билим алууну, илим үйрөнүү тапшырган, мажбурлаган, каражатын жумшап, мугалим-устат жалдап окуткан.

Адамзат тарыхында билим берүү билим берүү жөн гана окуу-үйрөтүү процесси катары каралбаптыр. Ал ар дайым коомдун ички түзүлүшүн, талабын, дүйнө таанымын, руханий деңгээлин жана келечекке болгон багытын аныктап турган. Кыргыз элинин салттуу дүйнө таанымында бул милдетти уңгужол аткарып келген. Тагыраак айтканда, эркек баланы 7 жашка чейин энеси тарбиялап, андан кийин атанын, коомдун колуна өткөрүп берген. Бекеринен: “Атаң барда эл тааны, сурап жүрүп, атың барда жер тааны, желип жүрүп” деген эмес. Мектептин ролун үй бүлө жана коом аткарган. Баланы улуу-кичүүгө мамиле кылуудан баштап,  табияттын, жашоонун, дыйканчылыктын, малчылыктын ж.б. сырларын, жолун үйрөтүшкөн. Ата “кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн” деп, кабыргасы ката элек мезгилден тартып, кара жумушка салган.

Демек, уңгужол бул ата-бабадан калган жол эле эмес, бул жашоонун ички табигый мыйзамы, коомдун тамырын үзбөй кармап турган эрежеси, адамдын ким экенин жана кайда бара жатканын көрсөтүп турган руханий баш багыты.

Азыркы ааламдашуу жараяны 1990-жылдан кийин айрыкча күчөдү. Көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болдук, анын ичинде билим берүү системасында тынымсыз реформалар, эксперименттер жүрүп келди. Айрымдары башталбай жатып, кийинкисине өтүп жатты. Себеби билим берүүдөгү реформалар ички талаптар менен эле эмес тышкы талаптар менен да байланыштуу өнүгөөрүн кечээ күнкү тажрыйбалар көрсөттү.

Дегиңкиси билим берүү тармагы ар бир мамлекеттин эртеңки тагдырын аныктоочу эң маанилүү стратегиялык тармактардын бири экендигин түшүндүк. Ошондуктан билим берүү тармагын жөн гана ыкмаларды жакшыртуу же окуу программаларын жаңылоо менен гана чектелбестен, анын түпкү маңызын, философиясын жана концепциясын кайрадан карап чыгууга бел байладык. Өткөн отуз жыл ичинде билим берүү тармагы коммерциялаштыруу жагына өтүп, сапаты эмес санына, маңызы эмес формасына көп көңүл бурулуп, эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткени жашыруун эмес.

Биз азыр бири-бирибизди күнөөлөгөндү абдан өздөштүрүп алдык, аны токтотуп, айкын сунуш бергенге өтөлү. Биринчи кадам катары, педагогикалык мугалимдерди даярдоо боюнча окуу формаларынын бардыгын күндүзгү окутуу формасына өткөрөлү. Экинчи кадам, медицина, техника, айыл-чарба, тоо-кен, жол-транспорт ж.б. тармактагы адистер орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда иштей турган болсо, анда педагогикалык курстарды окуусун талап кылуу кажет. Бул сунуш педагогика дисциплинасын окубагандарга албетте, жакпайт. Бирок эгер биз, “билим берүүнүн сапатын көтөрөбүз, чынында эле дүйнөлүк бийиктикке чыгабыз” десек, жакпаса да ошондой радикалдуу кадамдарга барышыбыз керек, антпесе, натыйжага жетүү өтө кыйын болот. Бардыгынын өзөгү ушул жерде жатат. Анткени бардык кесипти, адисти мугалим окутат, мугалим даярдайт. Анан мугалими өзү чала сабат, билим деңгээли жетпей турса, каяктагы ийгилик, кайдагы бийиктик жөнүндө сөз кылабыз?

Ушул өңүттөн алганда, билим берүү системасын уңгужолдун таянымдарына, чакырыктарына шайкеш келтирүү зарылчылыгы бар.  Мында биз – изденүүнү жана кесибин сүйүүнү айтар элек. Тилекке каршы, балдардын келечегин ойлобой, жумуш, айлык акы үчүн эле кармалып жүргөндөр жок эмес.

Биз муну менен өлкөнү татаал туңгуюктан мугалим, окутуучу, насаатчы гана чыгара алат деп ишенимдүү айта алабыз. Байыркы гректердин: “Күн алдында мугалимден бийик эч ким жок” дегени, мугалимдик кесиптин канчалык деңгээлде бийик жана ыйык экендигин ырастап турат. Бул ыйыктыкка мугалим өз күчү, каалоосу, аракети, мээнети менен гана жетет. Башка нерселер жеткире албайт. Бул – акыйкат!

Кыргыз эли табияттын жолу менен бирге өнүгүп, калыстыкты, адилеттүүлүктү, абийирди, намысты, адамгерчиликти, эмгекти ыйык тутуп келген. Билим берүү системасы ушул уңгужолдон ажырабай, тескерисинче, аны өзүнүн мазмундук жана идеялык негизине кошууга тийиш.

Тагыраак айтканда, билим берүүнүн ыкмаларын көбөйтүү эмес, ар бир сабактын максатын, мазмунун, көлөмүн жана окутуу убактысын кайра карап чыгуу керек. Ооба, мындай аракеттер жүрүп жатат, бирок ага айрым учурда биринчилерден болуп мугалимдер өздөрү каршы болуп жаткан жагдайлар да кездешет. Себеби билим берүүдө билимдин сапаты эмес, сабактын көлөмү артыкчылыкка ээ болуп калып жатат. Жыйынтыгында, окуучу же студент чоң көлөмдөгү маалыматты алганы же өздөштүргөнү менен, аны турмушта колдонууга даяр болбогон бойдон кетишүүдө. Ошондуктан билим берүүнүн максаты кыска мөөнөттүү натыйжаларга эмес, алыскы келечекти эске алган, болочоктогу кыргыз жарандарын комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган аракет болушу зарыл. Бул жерде жумуш берүүчүнүн талабы же сунушу сөзсүз түрдө эске алынышы кажет.

Демек, уңгужол билим берүүнүн идеологиялык багытын аныктап, ал эми илим жана технология анын практикалык куралы катары кызмат кылат. Мына ушундай гана айкалыш билим берүүнү натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кыла алат.

Ошондой эле билим берүүгө жана билим алууга болгон даярдыктардын ортосундагы байланышка өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Эмнеге дегенде, ата-энелер окуучуга же студентке көп учурларда туура эмес багыт беришүүдө. “Эптеп эле окууну бүт, жумушка акчанын же тааныштын күчү менен орнотуп коём” деген ата-энелер көп, буга чейин ошондой болуп келген. Негизги буйрутмачы эсептелген ата-эненин “маанайы” балага, баланын “маанайы” окутуучуга өтүп, сапаттык көрсөткүч, мүдөө бузулган. Себеби студент билимге эмес, “шарттуу диплом” алууну гана көздөп калган. Жыйынтыгында, сабатсыз “адистер” таңгакталып чыга берген. Демек, билим берүүчү менен билим алуучунун максаты бири-бирине дал келсе гана сапаттуу билим берүү системасы сааттай болуп так иштей баштайт. Бул албетте, үй-бүлөдөн башталып, мектепке чейинки тарбия, башталгыч класс, орто билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү деңгээлине чейин бирдиктүү тутум катары иштеши керек.

Кесиптик билим берүүгө келсек, кол өнөрчүлүк, мал чарбачылык, дыйканчылык, аңчылык, жоокердик өнөр, элдик билим, дарыгерлик, устаттык сыяктуу тармактар, элибиздин дүйнө таанымынын ажырагыс бир бөлүгү. Бирок биздин маданият цивилизацияга айланганы баалуулуктар алмашты, жаңы кесиптер пайда болуп, эскилери колдонуудан калды.

Өлкөбүздүн акыркы жүз жылдыгында миңдеген адистер даярдалды. Аларды даярдоодо биз көбүнчө теорияга көңүл буруп, практикалык аткарылышы акырындап формалдуулукка айланып кетти. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө теория менен практика айкалыштырылган. Түшкө чейин теория өтүлсө, түштөн кийин ошону практика жүзүндө аткарышат. Жыйынтыктарынын кандай болуп жатканын бардыгыбыз көрүп жүрөбүз.

Ушуга байланыштуу жаштарга өнөр-кесип үйрөтүү багытын жандандыруу жана аны жаңы нукта тынымсыз өнүктүрүү зарыл. Бул үчүн кесиптик билим берүү системасын заманбап технологиялар менен камсыз кылуу, өндүрүш менен тыгыз байланышта өнүктүрүү, ошондой эле уңгужолдун негизинде эмгекке болгон мамилени кайрадан калыптандыруу керек. Дагы бир көңүл бөлө турган жагдай, ар бир баланы кесипке тарбиялоо менен бирге, дагы бир өнөргө үйрөтүүнү колго алып, аны жайылтышыбыз кажет. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегенди унутпасак. Көпчүлүк жаштар эч бир өнөрдү өздөштүрбөй өсүп жаткандыгын да эске алалы. Өнөрлүү адам өзүн эле эмес, өлкөнү да алдыга сүрөйт.

Дипломдуулар көп, бирок ошол эле учурда өлкө жогорку билимдүү, бардык ишти алып кете алган, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, эл менен иштеше билген кесипкөй жана жаратман адистерге болгон муктаждыгы күн санап өсүүдө. Жеке менчик ишканалардын, ири компаниялардын күчтүү кадрларды тартып алышы, мамлекеттик кызматка айрым учурларда даярдыгы жоктордун келип калышы, ошого карата элдин нааразычылыгы күчөшү да ушундан улам. Ошондуктан бул муктаждыкты жоюу ишин кечиктирбестен колго алууга, билим берүү саясатын артыкчылыктуу багытка чыгарууга тийишпиз.

Жыйынтыктап айтканда, уңгужол жана билим берүү бирин-бири толуктап туруучу өзөктүү фактор. Уңгужол бул биздин улуттук идеологиябыз болсо, билим берүү анын куралы болуп эсептелет. Билим берүү системасы дайыма өзүнүн уңгусуна, тамырына таянып, ошол эле учурда заманбап талаптарга жана чакырыктарга туруштук бере алса, анда ал коомду алдыга сүрөгөн зор күчкө айланат. Ал эми уңгужолдон ажыраган билим берүү формалдуу жана убакытты текке короткон мүнөзгө ээ болуп, өзүнүн тарбиялык жана өнүктүрүүчү функцияларын толук кандуу аткара албай калат.

Ошондуктан билим берүү саясатын иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда уңгужолду негизги өнөктөш катары кабыл алуусу зарыл. Ал – улуттук биримдикти сактоонун, коомдук туруктуулукту камсыздоонун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүнүн эң ишенимдүү жолу болуп кала берет.

 

Октябрь КАПАЛБАЕВ 

КРнын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы

 

 

Гезит

Новая Ялта неизбежна

Почему старые правила больше не работают         Мир снова входит в фазу жесткой геополитики. Старые правила больше не работают. Баланс сил размывается, а прежние договоренности...

Рубрикалар

Мурунку макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар