Башкы беткеСаясат жана коомКоомПрофсоюздар федерациясы 101 объектти менчиктештирген

Профсоюздар федерациясы 101 объектти менчиктештирген

32 жыл ичинде Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 101 объектиси менчиктештирилген. Бул тууралуу уюмдун төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, федерациянын мүлкүн инвентаризациялоо иштери аяктады. Уюмдун балансына кайтаруу боюнча 47 объект боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, дагы 50дөн ашык объекти боюнча соттук териштирүүлөр башталат.

Мурадил Жумадилде уулу инвентаризациялоого УКМК менен Башкы прокуратура көмөктөшүп жатканын, анын максаты санаторий-курорт өңдүү объектилерди кайтарып берүү экенин кошумчалады.

Профсоюздар федерациясынан билдиришкендей, дагы 14 объект президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгына убактылуу пайдаланууга берилди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар