Жакында Тогуз-Торо районунда кызматтык сапарда болдум. Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолун куруп жатышканы, жолго мелтиреген асфальт төшөлүшү айдоочулардын мүшкүлүн кыйла жеңилдетиптир.
Айдоочулар Кара-Көөнү ашпай калганына кубанычта
Мен отурган таксист жаңы жолдун салынып жатканына жалпы Тогуз-Торо эли кубанып турганын айтты. Мурда айдоочулар Кара-Көө ашуусу аркылуу каттап келишкен. Ашуу деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте турат. Андан биринчи жолу өтүп жаткандар сак болбосо, чукул бурулуштардан кырсыкка кабылышы ыктымал болчу. Тогуз-Торолуктар борбор калаага жакынкы күндөргө чейин мына ушул ашуу аркылуу каттап келишкен. Өзгөчө кышында Кара-Көө ашуусу бир топ эле кооптуу болчу, бирок, жергиликтүүлөр ушул жолду пайдаланганга аргасыз эле.
Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун курулушу
Жолдун Балыкчыдан Жалал-Абадга чейинки аралыгы 453 чакырымды түзөт. Кочкор, Чаек, Көкөмерен, Казарман аркылуу өтүп, Жалал-Абад шаарына барат. Жолду куруу 2014-жылы башталып, долбоорду кытайдын “Экспорт-Импорт” банкы каржылап, 887 млн. АКШ долларын бөлгөн.
Жол курулду, бирок…
Ошону менен Түндүк-түштүктү бириктирген жаңы жол курулуп бүтүп калды. Аны ишке берүү ушул жылдын жаз айларына пландалууда. Анткен менен аталган жолдун ар кайсы жерлерине таш түшүп, жол жээгиндеги жарлар урап, жолдун нугу бүгүнкү күнгө чейин тазаланбай турганына күбө болдук. Тактап айтканда, асфальт жолдун кээ бир жерлериндеги тилкелерин ураган таш, кум, шагыл басып жатат. Айдоочулар андай жерлерден көп убакыттан бери эле айланып өтүп жатканын көрдүк. Айтор, техниканын жетишсиздигиненби же тийиштүү адистердин кайдыгерлигиненби жаңы асфальт кулаган таштардын астында калган.
Ушунча мээнет, каражат менен курулуп жаткан жолду Транспорт министрлигинин тийиштүү адистери тазалап койсо, альтернативдүү жолдон өткөн бардык жарандардын алкышын алмак.
Султан АМАНБЕК уулу, «Кыргыз Туусу»
Редакциядан: Бул маселенин төркүнүн билүү максатында, ушул жолду караган №18 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Адилет Марат уулу менен байланыштык. Ал аталган айланма жолго таш түшкөнүнө бир жыл болгонун моюндап, бүгүнкү күндө тазалоо иштери башталганын айтты.
“Март айынын башы менен айланма жолдун таш түшкөн тилкелерин тазалоо иштерин баштадык. Май айына чейин толугу менен тазалап бүтөбүз”, – деди А. Марат уулу.
Албетте, жолду тазалоого кеч да болсо аракет кылып жатышканы жакшы. Бирок, улам таш түшкөн сайын дароо тазалап турушса, бүгүнкүдөй көйгөй жаралмак эмес. Жетекчи өзү айткандай 1 жылдан бери тазаланбай турса, ансайын үстүнө көчкөн жар, ураган таштар кошулуп отурса, анда кандай болуп калат? Кантсе да, жаңы жолубуз эртерээк ачылып, түндүк-түштүккө каттагандардын жол түйшүгү жеңилдесе экен.

