whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарОш облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев: "Өнөр жай багытында 128 жаңы...

Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев: «Өнөр жай багытында 128 жаңы ишкана ачылды”

Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында өткөн жылда облустук мекеме-уюмдар, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылган иштерди коомчулукка сунуштайбыз.

Өнөр жай тармагы

2024-жылы Ош облусу боюнча 19 млрд. 336,1 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, республикадагы өндүрүштүн көлөмүндө облустун үлүшү 3,3 пайызды түздү. Облуста 12 айдын ичинде өнөр жай багытында 128 жаңы ишкана ачылып, 1394 жумуш оруну түзүлдү. Алардын эсебинен жалпысынан өнөр жай тармагында 2 млрд. 545,6 млн. сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлдү. 2023-жылга салыштырмалуу 1 млрд. 66,4 млн. сомго көп инвестиция тартылып, 67 ишканага көп ачылды.

Ошондой эле, Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ишкананын катарына Ош облусунан 18 ишкана кирип, бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Алар: «Евразия групп» ЖЧКсынын индустриалдык соода логистикалык борбору, «Ноокат алмасы» ЖЧКсынын соода логистикалык борбору, «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын асфальт заводу, “Абке” ЖЧКсынын көмүрдү кайра иштетүү ишканасы, “Перити-Коал” ЖЧКсы тарабынан топтолгон  аралашмадан байытылган көмүр алуу ишканасы, «Узген энерго уголь» ЖЧКсынын көмүр брикетин өндүрүү ишканасы, «БиБиКей Групп» ЖЧКсынын тоок фермасы; “Улан Чи” ЖЧКсынын кыш  заводу, «Курак-Тектир» ЖЧКсынын чакан ГЭСи.

Жалпысынан облустун өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарды түзүү жаатындагы аракеттерден улам жеке ассистенттерди, коомдук төлөнүүчү жумуштарда, социалдык контракт менен жана убактылуу иштегендерди кошуп эсептегенде облуста өткөн жылда 18 059 жумуш оруну түзүлгөн.

2024-жылдын 12 айында 20 млрд. 864,4 млн. сомдук тышкы жана ички инвестициялар өздөштүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик 8 млрд. сомго көп инвестиция тартылган.

Дотациянын көлөмү

2024-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгында облустун дотациясынын көлөмү 18,0 пайызды түздү. Ал эми 2023-жылдын 4-кварталында 22,8 пайыз болгон. Мурдагы жылга салыштырмалуу дотациянын көлөмү 4,8 пайызга төмөндөгөн.

Бүгүнкү күнгө чейин облустун 12 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаар
дотациядан чыккан болсо, 2025-жылга карата облустун 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Алар: Ноокат районунда Н.Исанов, Кыргыз-Ата жана Т.Зулпиев айыл өкмөттөрү, Кара-Суу районунда Ала-Тоо айыл өкмөтү, Өзгөн районунда Жалпак-Таш айыл өкмөтү. Өзгөн районунун Жалпак-Таш, Ноокат районунун Н.Исанов, Т.Зулпиев жана Кыргыз-Ата айыл аймактары административдик-аймактык реформанын алкагында башка айыл аймактар менен бириктирилбестен өз күчтөрү менен дотациядан чыгышты.

Туризм тармагы

Иш алып барган ишкердик субъекттеринин (юридикалык жана жеке жактардын) жалпы саны 1324 бирдикти түздү, анын ичинен 52 мейманкана, 52 туристтик ишканалар жана эс алуу мекемелери, 916 ресторандар, 294 туристтик фирмалар жана туроператорлор, 7 санатордук-курорттук мекемелер жана 3 жаратылыш паркы жана коруктар.

Ош облусу боюнча туризм ишканаларына, уюмдарына жана мекемелерине келген туристтердин саны 2024-жылдын 12 айына карата 155 990 адамды түздү, анын ичинен  42 000 чет өлкөдөн келген туристтер.

Эл аралык мамилелер

Облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иш-аракети менен тогуз айдын аралыгында 10  меморандумга кол коюлган. Алардын биринде Элчибек Жантаев Кытай Эл Республикасына барып, Ноокат районундагы жер семирткич өндүрүүчү заводго 15 млн. долларлык жабдууларды алуу боюнча меморандумга кол коюп келип, жабдыктар алынып келинди.

Аймакка сырткы инвестицияларды тартууну күчөтүү максатында «Түштүк ЭКСПО–2024» VIII Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманке жана бизнес-форум болуп өттү. Иш-чарага Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Россия мамлекетинин бизнес жана дипломатия-лык өкүлдөрү жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жеке ишкерлер катышты. Ошондой эле Алай районунда “Айыл күнү” фестиваль болуп өттү.

Айыл чарбасы

Облуста 2024-жылы айыл чарба продукциясы жалпысынан 71 005,3 млн. сомго өндүрүлүп, Кыргызстан боюнча айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 18%ын түздү. Бүгүнкү күндө облус боюнча 110 597 дыйкан-фермер чарба жана 63 айыл чарба кооперативи иш алып барууда.

2025-жылдын түшүмү үчүн 20 099 гектар аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери айдалды. 18 967 га аянтка буудай, 1 132 га аянтка күздүк арпа себилди. Жеңилдетилген баада берилүүчү дизелдик отундун 896 400 литр квотасы бөлүнүп,  дыйкан-фермерлерге жеткирилди. Мындан сырткары “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында 2024-жылы облус боюнча 2047 жаранга жалпы 843 млн. 157 миң 380 сомдук жеңилдетилген насыя берилди.

Ош облусунда 15 үрөн чарбасы жана айыл чарба продукцияларын сактоо жана экспорттоо максатында 30 логистикалык борбор иш алып барууда. “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 2020-2026-жылдар аралыгында ишке ашырылып жатат. Жалпы бюджети 60 млн. доллар, анын 30 млн. доллары айыл чарба, 30 млн. доллары туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан сырткары 2024-жылы фермерлерге жана лидер ишканаларга 305 млн. 833 миң 622 сомдук жардам көрсөтүлдү. 2024-жылы Ош облусунда мал чарбачылыгында эт – 90 144,3 миң тонна (101,9%), сүт – 346 376,3 миң тонна (102%), жумуртка – 76 470,5 миң даана (114,7%) өндүрүлдү.

Таза суу менен камсыздоо

Президенттин фондунан бөлүнгөн 100 млн. сомдун эсебинен Өзгөн районунда Жаман-Адыр каналы, Чоң-Алай районунда Шибээ-Жекенди каналы жана Шыңгыма участкасындагы каналдын курулушу аяктады. Таштанды полигондорун ачуу боюнча бүгүнкү күндө райондордо: Кара-Сууда – 1, Кара-Кулжада – 1,  Ноокатта – 3, Араванда – 2 таштанды полигондору ачылды.

Облустагы 508 айылдын 422 айылы таза суу менен камсыз болду. Респуб-ликалык бюджет тарабынан каржыланган долбоорлордун алкагында 551 мил-лион 446,2 миң сомго 14 айылда таза суу түтүктөрү курулду.

Европа Биримдиги жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Өзгөн районундагы 3 айылда таза суу түтүктөрү курулууда. Ошондой эле, Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат шаарларында суу түтүктөрү жана канализация системаларын куруу боюнча маанилүү иштер жүргүзүлүп, облустун  айыл аймактарында суу инфраструктурасы жакшыртылууда.

Оңдолгон жолдор, курулган курулуштар

Республикалык бюджеттен облус боюнча жалпы 600 млн. 483 миң сомдук жолдорду оңдоо иштери жана тейлөө жумуштары аткарылды. Жалпысынан 145,2 км асфальт
төшөлдү.

Мындан сырткары өлкөбүздө биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Өзгөн шаарын айланып, акы төлөп өтүүчү, сметалык баасы 2 млрд. 600 млн. сомдук узундугу – 14 чакырым, туурасы – 16,75 метр заманбап 4 тилкелүү жол салынып колдонууга берилди. 2024-жылы республикалык бюджеттен 19 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 59 объекттин курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Алар: 14 мектеп, 3 бала бакча, 1 спортзал, 1 футбол аянтча, 10 үй, 19 капиталдык ремонт жана 11 таза суу системасы.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттер, өнүктүрүү фонддору, Араб фонддору, АРИС жана жеке ишкерлердин каржылоосу менен жалпысынан 72 курулуш иши аткарылып, пайдаланууга берилди. Алардын ичинде 5 мектеп, 2 турак үй, 1 мектептин актовый залы, 8 бала бакча, 25 спортзал жана спорт аянтчалар, 24 ФАП/ҮДТ, 3 от казан, 2 көпүрө, 1 РЭТ ишканасынын жаңы имараты жана 1 беккари чуңкуру бар.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Барак айылындагы тургундарын көчүрүп келүү жана жашоосун жакшыртууга багытталган тарыхый кадам ишке ашты. Кара-Суу районунда жаңыдан Жаңы-Барак айылы түптөлүп, 101 үй-бүлө үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар