Садыр Жапаров депутаттарды саясий оюндардан алыс болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Кактус медиага берген маегинде күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматы бар экенин билдирип, өлкө башчысы жана башкы командачысы катары коопсуздук органдарынын жетекчилеринин аракеттеринен кабардар экенин айтты. Ошол эле учурда айрым учурлар толук көзөмөлдөн тышкары калышы мүмкүн экенин да белгиледи.

Ал эми мандатын тапшырган депутаттар тууралуу сөз кылып, Жогорку Кеңеште белгилүү бир топ саясий интригаларга барууга аракет кылганын, бирок алардын планы ишке ашпай калгандан кийин айрымдары жоопкерчиликти сезип, мандаттан баш тарткан болушу мүмкүн экенин билдирди.

Президент бул окуялар боюнча акыркы жыйынтык тергөө иштери аяктагандан кийин гана чыгарыла турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал депутаттарды саясий оюндардан алыс болуп, эл кызыкчылыгы үчүн мыйзам чыгаруу ишине жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө көңүл бурууга чакырды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз