Президент: мыйзам баарына бирдей, ким болбосун жооп берет

Садыр Жапаров акыркы өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча Камчыбек Ташиевдин бул ишке тиешеси бар же жок экенин тергөө жана сот аныктай турганын билдирди. Анын айтымында, учурда иликтөө иштери толук аяктай элек, ал бүткөндөн кийин гана иш сотко өткөрүлүп, акыркы чечим кабыл алынат.

Ошондой эле мамлекет башчысы жеке мамилелер мыйзамдан жогору тура албасын баса белгиледи. Ал бийликке келгенден бери “дос”, “тууган” деген түшүнүк жок экенин, эң башкысы мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы экенин айтты. Эгер мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен качып кутула албайт.

Президент Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев боюнча да түшүндүрмө берип, тергөө анын “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемага тиешеси бар экенин аныктаганын билдирди. Натыйжада мамлекетке 4 млрд 115 млн сом зыян келтирилгени айтылды.

Маалыматка ылайык, келтирилген зыян толугу менен бюджетке кайтарылгандан кийин гана аны бошотуу маселеси каралышы мүмкүн. Президент мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз