Башкы беткеРубрикаларАймактарПалестинадагы жагдай талкууланды

Палестинадагы жагдай талкууланды

16-мартта Бишкек шаарында Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин уюштуруу комитети тарабынан “Бүткүл дүйнө эли – палестиналыктар менен бирге” деген темада жыйын болуп өттү.

 Жыйын Палестина элинин бүгүнкү күндөгү жашоосун чагылдырган кыскача даректүү кинотасма менен башталды. Иш-чарага Кыргызстандагы Иран Элчилигинин, Россия Элчилигинин өкүлдөрү Александр Юревич Аброскин, эксперттер, коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайларынын проректорлору жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунда айтылган сөздөр да эске салынды. Анда мамлекет башчысы бүгүн дүйнө коомчулугу көптөгөн оор сыноолорго туш болуп жатканын белгилеп, эл аралык коопсуздук начарлап, ар кайсы аймактарда куралдуу жаңжалдар күчөп жатканын айткан. Президенттин пикиринде, адамзат куралданууга эмес, билимге, адамдын өнүгүүсүнө жана экологияны сактоого көбүрөөк көңүл бурушу зарыл. Ошондо гана туруктуу жана коопсуз дүйнө түзүүгө мүмкүн болот.

Ошондой эле жыйында дүйнөдөгү аң-сезимдүү, гумандуу жана активдүү күчтөр биригип аракет кылуусу зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар азыркы учурда адамзат үчүн эң чоң коркунуч кайдыгерлик экенин айтып, дүйнөнү согуштардан, экологиялык кризистен жана авторитардык башкаруунун кесепеттеринен сактоо үчүн биргелешкен аракеттер керек экенин белгилешти.

Жыйындын соңунда эксперттердин баяндамалары жана сунуштары угулуп, талкуунун жыйынтыгында жети пункттан турган резолюция кабыл алышты. Анда тынчтыкты колдоо, эл аралык адилеттүүлүктү бекемдөө жана Палестина элинин укуктарын коргоо сунуштары камтылды.

 

 

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар