Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан менен ЕАӨБ саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүдө кызматташат

Кыргызстан менен ЕАӨБ саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүдө кызматташат

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Санариптик демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын санариптик трансформациялоо багытында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министр Эркин Чечебаев техникалык жана каржылык колдоону талап кылган эки негизги демилгени сунуштады: дары-дармектерди электрондук форматта сатууга шарт түзгөн “электрондук дарыкана” платформасын жана ФАПтарда телемедициналык кызматтарды өнүктүрүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү тереңдетүүгө, санариптик демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө жана реформаларды ар тараптуу колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар