Башкы беткеСаясат жана коомКоомБанктарды шылуундукка каршы система киргизүүгө милдеттендирүү сунушталды

Банктарды шылуундукка каршы система киргизүүгө милдеттендирүү сунушталды

Улуттук банк банктарды алдамчылыкка каршы системаларды иштеп чыгууга милдеттендирген токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. 

Анда төмөнкү негизги талаптар каралган:

  • Алдамчылыкка каршы автоматтык система (антифрод) киргизүүгө милдеттүү болот;

  • Алдамчылыкка каршы саясат иштелип чыгып, директорлор кеңеши тарабынан бекитилиши зарыл;

  • Шектүү операциялар автоматтык түрдө же кол менен текшерилип, анын жыйынтыктары 5 жылга чейин сакталууга тийиш;

  • Банк шектүү операцияны 30 күнгө чейин токтото туруу укугуна ээ болот;

  • Кардарлар алдамчылык тууралуу мобилдик тиркеме же сайт аркылуу оңой кабар бере алышы керек;

  • Шылуундар колдонгон номерлер, эсептер жана QR-коддордун реестри түзүлүп, андагы идентификаторлор менен жасалган транзакциялар дароо четке кагылышы шарт;

  • Системанын иштөөсү квартал сайын Улуттук банкка отчет катары берилет;

  • Эгер банк тыюу салынган идентификатор аркылуу операция жүргүзүп эрежени бузса, анда кардарга келтирилген зыянды өз эсебинен кайтарып берүүгө милдеттүү болот.

Улуттук банк бул кадам банктардагы каржылык коопсуздукту жогорулатып, кардарларды шылуундуктан коргоого багытталганын белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар