whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектиктер аймактардан МИК аркылуу турак жай ала алышат

Бишкектиктер аймактардан МИК аркылуу турак жай ала алышат

Бишкек шаарында жашаган жана иштеген жарандар Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу аймактардан турак жай алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу МИКтин калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева жергиликтүү радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул чечим борбор калаадагы калктын жыштыгын азайтуу максатында кабыл алынган.

«Бишкекте иштеген жарандар өзүнүн кичи мекенинен үй алгысы келсе, кезекке туруу мүмкүн. Бирок аймакта жашап, иштегендер борбордон турак жай алууга кезекке тура алышпайт,» — деди Тотубаева.

Ал ошондой эле МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагы турак жайга алмаштырып, кеңейтүүгө болорун, бирок региондогу батирди борбор калаага алмаштыруу мүмкүн эместигин кошумчалады.

Маалыматка ылайык, учурда батирлерди кеңейтүү механизми иштелип чыгып жатат жана бул мүмкүнчүлүк жакынкы келечекте ишке кириши күтүлүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар