Улуттук банк 8-декабрда «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын алкагында жаңы «Тушоо кесүү» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды.
«Тушоо кесүү» — баланын өз алдынча басуусунун алгачкы кадамдарына байланышкан байыркы кыргыз жөрөлгөсү. Илгертен бул ырым бала бекем туруп, өмүр жолу ийгиликтүү болушу үчүн сөзсүз жасалчу ишеним катары каралып келген.
Жаңы монетанын негизги бетинде бутуна тушоо салынган жипти үзүп, биринчи кадамдарын жасап жаткан баланын сүрөтү тартылган. Сол жагында ата-энеси, оң жагында боз үй жана тушоо кесүү жарышына катышкан балдар чагылдырылган. Жогорусунда «Тушоо кесүү» деген жазуу, сол тарабында металлдын сапаты (Ag 925) жана салмагы (28,28 г), оң тарабында номиналы – «10 сом» көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинде ийрилген жиптин ортосуна Кыргыз Республикасынын герби жайгашып, жогорку бөлүгүндө калпак кийген, бутунда бекем турган канаттуу баланын стилизделген сүрөтү берилген. Монетаны тегерете «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлгөн, ал эми ылдый жагында чыгарылган жылы — 2025 — көрсөтүлгөн.
Бул коллекциялык тыйын өлкө аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналат. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен кошо өзүнчө кутуга жайгаштырылат.
«Тушоо кесүү» монетасы Улуттук банктын мекемелеринде 6 940 сом Баасында, иш күндөрү саат 9:00–14:00 аралыгында, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg сайтында сатыкка коюлду.


