Долон жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу чектелди

Бүгүн, 8-декабрь саат 9:00дөн тартып Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга чейин 7-декабрь саат 21:00дон тарта Бишкек — Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз