Африкадагы Бенин өлкөсүндө төңкөрүш аракети токтотулду

Бенинде жекшемби күнү эртең менен болгон төңкөрүш аракети өлкө бийлиги тарабынан тез арада басылды. Бир топ аскер кызматкерлери мамлекеттик телеканалдан чыгып, президент Патрис Талонду кызматтан алганын жана өкмөттү таркатканын жарыялашкан. Өздөрүн «Жаңылануу үчүн аскердик комитет» деп атаган топ Паскаль Тигрини жаңы жетекчи катары көрсөткөн.

Бирок көп өтпөй ички иштер министри Алассан Сейду кайрылуу жасап, куралдуу күчтөр мятежди токтотуп, мамлекеттик институттар толук көзөмөлдө экенин билдирди.

Бенин — Батыш Африкадагы туруктуу демократиялардын бири болуп саналат. Өлкө коопсуздук жана экономикалык туруктуулукту сактоо максатында акыркы жылдары саясий реформаларды жүргүзүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз