Жолугушууда Бакыт Төрөбаев Президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, эки өлкө лидерлеринин ишенимдүү диалогу мамлекеттер аралык мамилелерди сапаттуу, стратегиялык деңгээлге чыгарганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Ильхам Алиев да Садыр Жапаровго жылуу салам жолдооону суранды. Ал кыргыз-азербайжан алакаларынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин айтты. Президент ошондой эле Бакуда өтүп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын күн тартиби тыгыз жана практикалык кызматташтыкка болгон күчтүү умтулуунун далили экенин белгиледи.
Тараптар Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларына катышуусунун маанилүүлүгүн да белгилешти. Кыргыз тарап бул формат Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын байланышын чыңдоого, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана гуманитардык-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.
Жолугушууда инвестициялык кызматташтык өзүнчө талкууланып, Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун алгачкы долбоорлору жана алардын ишке ашуу жүрүшү каралды. Президент Ильхам Алиев азербайжан тарап Фонд каржылаган келечектүү долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Тараптар мындан тышкары энергетика, транспорт жана логистика, билим берүү, гуманитардык алмашуу, айыл чарба жана өз ара инвестиция тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.