23-майда Бишкекте Педагогикалык форум өтүп, “Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана «Алтын казык» программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү” урааны менен жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө коомчулукка сунушталды.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, форумга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Реджина Де Доминичис катышты.
Жаңы стандарттар билим берүү программаларын түзүүнүн улуттук негизги алкагы болуп саналат. Алар ар бир окуучунун заманбап дүйнөгө ылайык билим, көндүм жана компетенцияга ээ болушун камсыздоого багытталган. Стандарттар мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, орто билимдин бардык деңгээлдерин камтыйт жана 1,4 миллиондон ашуун балага арналган.
ЮНИСЕФ жаңы стандарттарды иштеп чыгууда Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз билим берүү академиясына техникалык колдоо көрсөткөн. Уюм ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча жол картасын даярдоого жана билим берүү процессине тиешелүү бардык тараптардын кеңешмелерин уюштурууга көмөктөштү.
Реджина Де Доминичис форумда сүйлөп жатып, жаңы билим берүү стандарттары балдардын келечеги жана өлкөнүн адам капиталын өнүктүрүү үчүн стратегиялык кадам экенин белгилеп өттү.
Стандарттарды жаңылоо кеңири камтылган “Алтын казык” билим берүү реформасынын негизги бөлүгү болуп саналат. Бул реформага 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоо, билим берүүнү санариптештирүү жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү иштери кирет.
Жаңыланган стандарттар билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө жана бардык балдар үчүн жеткиликтүү, инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.