whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Ээси келсе да, бээсин бербейбиз” же чиновниктердин узакка созулган мыйзамсыз аракеттери

“Ээси келсе да, бээсин бербейбиз” же чиновниктердин узакка созулган мыйзамсыз аракеттери

(Башталышы өткөн санда)

Жасалмаланган №1345 токтом

Жогоруда белгилегенибиздей, Т.Кожогуловдун мыйзамдуу менчик жерине мамлекеттик акт берилүүсү боюнча соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Ысык-Ата раймамадминистрациясынын №1345 токтомунун №1 тиркемеси жасалмаланганы
аныкталат.

Бирок, Т.Кожогуловго ал башында белгисиз болгондуктан, сотторго кайрылып да укугун коргой албаган. Мисалы, Т.Кожогуловго берген 06.04.2015-ж. №408/01-33 ном. жообунда Ысык-Ата районунун акиминин биринчи орун басары Э.Сатылганов: ”…Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын №1345 токтому менен сизге мурда айыл чарба багытында берилген жалпы аянты 57,2 га жер участогуна болгон укугуңуздун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу пайдалануу укугу токтотулган”, – деп жазат.

Кеп кезеги сотторго келгенде

Чүй облусунун райондор аралык соту (судья Д.Качкыналиева) Т.Кожогуловдун арызын карап, 21.06.2013-ж. чечими менен А.Шашинге 0,60 га жер участогун менчикке берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 20.04.2005-ж. №58 (№80) чечимин жана 18.01.2006-ж. Ысык-Ата раймамкаттоо тарабынан берилген мамлекеттик актыны, райондук мамлекеттик администрациясынын 07.12.2001-ж. №1345 токтомун №1 тиркемеге ылайык, Т.Кожогуловдун жер участогун пайдаланууга укугун токтотуу бөлүгүндө жокко чыгарат. Ошентип, Т.Кожогуловдун кайрадан 57,5 га жерге менчик укугу калыбына келтирилет.

Тилекке каршы, бул мыйзамдуу жана негиздүү чечимди айыл өкмөтүнүн апелляциялык арызынын негизинде кароо менен Чүй облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы (төрагасы Ж.Курманбев, судьялар Ж.Турумбекова жана А.Чекирова) 14.08.2014-ж. аныктамасы менен жокко чыгарып, Т.Кожогуловдун арызы боюнча өндүрүштү кыскартуу чечимин чыгарган.

Ал аныктама Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын (төрагалык кылуучу А.Базаралиева, судьялар К.Джумашев жана А.Мухамеджанов) 03.11.2015-ж. токтому менен күчүндө калтырылган.

Ал ортодо, Логвиненко айыл өкмөтүнүн Т.Кожогуловдон мүлктү жат бирөөнүн мыйзамсыз ээлик кылуусунан кайра талап кылып алуу, пайдалануу укугун токтотуу жана бузулган укуктарды четтетүү жөнүндө арызын кароо менен Ысык-Ата райондук соту (судья А.Рыскулова) жоопкерди (Т.Кожогуловду) катыштырбастан туруп, 18.10.2013-ж. анын 39,5 га жерин айыл өкмөтүнө кайтаруу чечимин сырттан чыгарат.

Кеп кезеги келгенде айта кетсек, сот отурумуна Т.Кожогулов катышпаса да чечимде “Доогер келтирген жогорудагы шарттар жоопкер тарабынан соттук отурумда төгүндөлгөн жок жана сот аларды көңүл бурууга татыктуу деп эсептейт” деп жазганы судьянын адилеттигинен же сабаттуулугунан күмөн санатат. Сот отурумуна катышпаган жоопкер доогер келтирген шарттарды кантип төгүндөй алмак эле?!

Мына ошентип, Т.Кожогуловдун жерин тартып алууга мыйзамдуу түр берүү аракети ишке ашып кала жаздаган.

Сот мыйзамдуулукту камсыздады

Т.Кожогуловдун суроо-талабы боюнча Чүй облустук архивинен 22.04.2019-ж. алынган көчүрмөдөн улам, №1345 токтомдун №1 тиркемесинин жасалмаланганы аныкталат. Натыйжада Т.Кожогуловдо жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Чүй облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы (төрагалык кылуучу Ж.Мурзалиева, судьялар Э.Нурманбетов жана А.Алибаев) Чүй облустук сотунун 29.08.2019-ж. жана 06.12.2019-ж. аныктамалары менен Чүй облсотунун 14.08.2014-ж. мыйзамсыз аныктамасын жана Жогорку соттун 03.11.2015-ж. токтомун жокко чыгаргандан кийин Т.Кожогуловго салыкты төлөөгө да мүмкүнчүлүк ачылды. Чүй облусунун райондор аралык сотунун 21.06.2013-ж. чечими күчүнө кирди.

Тиркеменин архивден алынган аныгы сотторго берилгенден кийин Ысык-Ата райондук соту (судья У.Садыков) 10.06.2020-ж. аныктамасы менен ушул эле райондук соттун 18.10.2013-ж. сырттан чечимин жокко чыгарды. Ошентип райондук соттун судьясы У.Садыков мыйзамдуулукту орнотуп, Т.Кожогуловдун бузулган укугун калыбына келтирип берет.

Мына ушул жерден айта кетсек, №1345 токтомдун №1 тиркемесин жасалмалагандардын аракетине прокуратура органдарынын көңүл бурбагандыгы да таң калтырат. Мыйзамга ылайык, жасалмалоо менен алектенгендердин жоруктары кылдат иликтенсе болмок! 

Ал ортодо Логвиненко айыл өкмөтүнүн Т.Кожогуловдон мүлктү жат бирөөнүн мыйзамсыз ээлик кылуусунан кайра талап кылып алуу, пайдалануу укугун токтотуу жана бузулган укуктарды четтетүү жөнүндө арызын кароонун жүрүшүндө айыл өкмөттүн ошол кездеги башчысы Н.Самтыровдон айыл өкмөтү арыздан баш тарткандыгы жөнүндө өтүнүч келтирилгендиктен Ысык-Ата райондук соту (судья У.Садыков) 29.09.2020-ж. ал өтүнүчтү канааттандырган аныктама чыгарат. Аныктама 12.10.2020-ж. күчүнө кирет.

Бул аныктама андан ары даттанылбаган. Ошону менен Т.Кожогуловдун 57,5 га жерге болгон менчик укугу калыбына келтирилет.

57,5 га жер каттай келгенде 21,5 га болуп калышы мүмкүнбү?

Макаланы башында айтылгандай, Т.Кожогуловго таандык жерлердин Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине “айланышы” боюнча бир да документ жок. А болгон документтерде Т.Кожогуловдун жеринде Кайра бөлүштүрүү фондусунун жери бар экендиги жөнүндө маалымат таптакыр жок!

Т.Кожогуловдун катына Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын директору А.Касмалиевдин 21.11.2019-ж. №01-8/1487 чыг. номерлүү жообунда, Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы А.Дооронбековдун 06.02.2020-ж. №64/0325 жообунда, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын директору А.Абдиевдин 02.03.2022-ж. №01-9/328 чыг. номерлүү жообунда, ошол эле А.Абдиевдин 14.07.2022-ж. №01-9/1115 чыг. номерлүү жообунда №459 контурда жайгашкан жер участогунун жалпы аянты 43,7 га экени тастыкталган.

Т.Кожогулов ал ортодо “Нура плюс” дыйкан (фермердик) чарбасын түзүү боюнча чечим кабыл алып, чарба Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан 26.07.2016-ж. каттоодон өтүп, 160308-3301-ДЧ номерлүү каттоо күбөлүгүн алат. Аны каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтердин арасында №1 чечимде дыйкан чарбасынын №018852 номерлүү мамлекеттик актынын негизинде 57,5 га өлчөмүндөгү жер участогу бар экени да көрсөтүлгөн.

Адвокат ботко чалганда…

– Менин ишеним кат боюнча өкүлүм Айбек Кудаяров юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктары жок болуп туруп, – дейт Т.Кожогулов, – уруксатымсыз (менден жашыруун түрдө) Мамкаттоо жана Өкмөткө караштуу “Кадастр” ММга административдик доо арыз менен кайрылат жана анда мындай деп жазат: “… мен өлчөмү 21,5 га жер тилкесине (иш жүзүндөгү ченөөлөр боюнча) менчик укугумду каттатууга аракет жасап жатам, жерге жайгаштыруучу тарабынан түзүлгөн изилдөө актысына ылайык, айыл чарба максатындагы жер тилкесинин калган бөлүктөрүнөн, башка жерлерден баш тартам” (11.02.2020-ж. к-561 чыг. номерлүү административдик чечим).

А.Кудаяровдун мындай билдирүү жасоого укугу болгон эмес, анткени, анын инстанцияларга көрсөткөн ишеним каттарынын биринде да фермердик чарбанын атынан аракеттенүү укугу жок, ишеним каты Т.Кожогуловдун атынан жана анын кызыкчылыгы үчүн (жеке жак катарында) аракеттенүүгө берилгендиги так көрсөтүлгөн (12.10.2020-ж. А.Кудаяровдун атына берилген №770-967 ишеним аты).

Т.Кожогулов соттук чечимдер аркылуу 57,5 га жерге менчик укугу тастыкталгандан кийин аны менчикке каттатуу боюнча 03.12.2020-ж.каттоо органдарына кайрылат. Мына ушул жерден анын мыйзамдуу менчигин каттоодон өткөрүп берүүнүн ордуна адвокаты А.Кудаяровдун аралашуусунда “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери тарабынан манипуляция орун алат. А.Кудаяров Т.Кожогуловду адаштыруу менен анын чарбасынын маселелерин чечүүгө киришип кетет.

Натыйжада, андан кийинки күнү Раймамкаттоонун башчысы М.Шамшиев менен ага адиси О.Подоба 04.12.2020-ж. №0110/1003 чыг. номерлүү каты менен чындыкты бурмалашып, фермердик чарбанын жер аянты боюнча жалган маалыматты “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Т.Кожогулов иш жүзүндөгү өлчөөлөр боюнча 21,5 га жер участогуна менчик укугун каттоо боюнча кайрылганын жазып, “Ошонун негизинде каттоо боюнча аракеттерибизди түшүндүрүп берүүңүздү суранабыз” деп кат беришет. Ошол эле учурда Мамкаттоонун кызматкери М.Кайназаров жеринде ченеп, участоктун өлчөмү 21,5 га эмес, 57,5 га экенин аныктап келген.

15.12.2020-ж. Раймамкаттоонун ага адиси О.Подоба даярдаган жана М.Шамшиев кол койгон каттоодон баш тартуу жөнүндө А.Кудаяровго жооп катта: “Сиз берген Кант раймамадминистрациянын 05.11.1997-ж. №729 токтомунда жогоруда көрсөтүлгөн жер участогу Т.Кожогуловдун фермердик чарбасына (юридикалык жакка) ээлик кылууга бекитилген, а Сиз берген ишеним катка ылайык, Сиз Т.Кожогуловдун атынан (жеке жак) аракеттенүүдөсүз”, – деп жазылган.

– Мен бул маселе боюнча барып жолукканда, О.Подоба мага: “Сизде ЖЧК, дыйкан же фермердик чарба сыяктуу юридикалык жак болууга тийиш”, – деп түшүндүрдү, – дейт Т.Кожогулов. – Андан тышкары: “Мен “Нуска” АКсына мамактынын түп нускасын таба албай жатам”, – деди.

Мен ага чарбамдын документтерин жана мамактынын түп нускасын алып келеримди айтсам, ал ага чейин жер участогуна менин укугумду каттоо үчүн Раймамкаттоонун директору М.Шамшиевдин атына менин атымдан арыз даярдап кое турганын айтты.

Бирок, О.Подоба өз колу менен жазган, мен кол койгон арызда 57,5 га жерге эмес, 21,5 га жерге менчик укугун каттоо, а 18,0 га АЧЖМФ жерине дооматым жок экендиги жөнүндө жазылыптыр. Жөнөкөй эле арифметиканы алганда, дагы 36,0 га жер (57,5-21,5=36,0) кайда кеткен?!

“Нуска” АКсынан сатып алган курулуштар кайда кеткен?!

Ысык-Ата мамкаттоосу 2000-жылдары түзүлгөндөн ушул күнгө чейин Т.Кожогуловдун фермердик чарбасынын тилкесинде АЧЖМФнын өлчөмү 18 га, ошондой эле өлчөмү 11 га жайыт жерлер бар экендигин тастыктаган ченемдик укуктук акт же Өкмөттүн токтому бир дагы соттук инстанцияларда көрсөтүлгөн жок.

Салыктар төлөнүп келген

– Соттордун чечимдери жана аныктамалары күчүнө киргенден кийин Мамкаттоо ойлоп тапкан маалыматтар боюнча салыктарды төлөп келдим, – дейт Т.Кожогулов. – Ысык-Ата мамкаттоосунун өлчөмү 21 га “башка жерлер” жана жерлердин башка категориялары менен түрлөрү боюнча бурмаланган жалган маалыматтары Ысык-Ата раймамадми-нистрациясы, Логвиненко айыл өкмөтү жана Ысык-Ата району боюнча салык кызматы үчүн мыйзамга жана 05.11.1997-ж. №729 токтомго, №018852 мамактыга каршы аракеттенүүгө жана мамкаттоону анын бардык мыйзамсыз иштеринде колдоого негиз болгон. Көп жылдар аралыгында фермердик чарбанын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамкаттоонун начальниги, анын орун басарлары жана юристи бузуп келишкен. Мамлекеттик органдарга атайылап мыйзамсыз маалыматтарды берүү менен алар мени 57,5 га жерге мамкаттоо ойлоп тапкан (10+8+18,5+21=57,5) эсептөө-лөрү боюнча салык төлөөгө мажбурлашкан.

Мамкаттоонун берүүсү жана көрсөтмөсү боюнча райондук мамлекеттик органдар фермердик чарбанын башчысын АЧЖМФнын жерлери катарында 10 га сугат жана 8 га кайракы айдоо жерге, фермердик чарбанын жерлери катарында 18,5 га кайракы жерге жана 21 га “башка жерлерге” салык төлөөгө милдеттендиришкен, башкача айтканда, “сыртынан караганда, 57,5 га жер тилкесинин салыктары жайында” болгон. Арийне, өлчөмү 4,1 га жайыт “кайдадыр жоголуп кеткен” (2014-ж. берки жер салыгы боюнча
эсеп).

Т.Кожогуловдун жер участогунун аянты 21,5 га эмес, 57,5 га экенин далилдеген дагы бир олуттуу факт бар. Бул ага салыктар боюнча коюлган дооматтар жана ал төлөгөн салыктар!

Жогоруда айтылгандай, 2001-жылы раймамадминистрациянын №1345 токтому жасалмалангандан кийин Т.Кожогуловдо салыктарды төлөө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Анын жерге укугун тастыктаган сот чечимдери чыккандан кийин 2020-жылы гана салыктарды төлөөгө жол ачылган. Ал убакта салыктар боюнча карыздары барларга мунапыс жарыяланып калгандан улам, салык органы Т.Кожогуловго 57,5 га жерге 2014-жылдан кийинки салыктарды төлөөнү аныктап берет жана ал 2024-жылга чейинки мөөнөткө  салыктарды төлөгөн.

Т.Кожогулов жерге мыйзамсыз ээлик кылса, алда качан алып коюшмак!

Чиновниктердин анын жерге укугун бузушкандыгынан улам, Т.Кожогулов Президент Садыр Жапаровго кайрылууга аргасыз болот. Анын кайрылуусу Презденттин Чүй облусундагы өкүлүнө жиберилип, өкүлдүн биринчи орун басары С.Исманов кол коюп, КРнын Президентинин администрациясына жиберген жообунун көчүрмөсүн алган.

Анда: “… Ошондой эле архивдик иште “Нура плюс” дыйкан (фермердик) чарбасынын башчысы Т.Кожогуловдун ал 21,5 га өлчөмдөгү жер участогуна менчик укугун каттоо жөнүндө өтүнгөн жана АЧЖМФнын жерлеринин 18,0 га өлчөмүндөгү жер участогуна жана 11,0 га өлчөмүндөгү жайытка дооматы жок экендиги жөнүндө “Нура плюс” чарбасынын мөөрү басылган каты бар. КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Ата филиалынын маалыматы боюнча, №459 контурда жайгашкан жер участоктору – 43,7 га, анын ичинен: 18 га Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунуку (АЧЖМФ), 21 га Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2004-ж. №971 токтомуна ылайык, “башка жерлер” түрүнө которулган (трансформацияланган)”, – деп жазылган.

Бул жерде төрт жалган маалымат камтылган. Биринчиси – макаланын башында айтылгандай, Т.Кожогуловдун менчигиндеги 57,5 га жерде АЧЖМФнын жери жок, болгон да эмес!

Экинчиси – жер трансформацияланганда анын менчик ээлери алмашылбайт.

Үчүнчүсү – Өкмөттүн 20.12.2004-ж. №971 токтомунда 21 га эмес, 24 га жер трансформацияланганы көрсөтүлгөн. Ал токтомго ылайык, №459 контурдагы жалпы аянты 43,7 га жер тилкесинин 24 га аянты “кайрак айдоо” түрүнөн “Айыл чарба максатындагы жерлер” категориясынын “башка жерлер” түрүнө өткөрүлгөн (трансформацияланган). Арийне, өкмөттүн ушул токтомуна шилтеме жасоо менен Мамкаттоонун начальниги М.Шамшиев Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгына атайылап өзгөртүлгөн маалыматтарды берет: “24 га “башка жерлердин” (трансформацияланган) ордуна өлчөмү 3 га “башка жерлер” түрүн өөнөп калып, 21 га деп билдирет раймамкаттоонун начальнигинин райондук салык кызматына 25.12.2020-ж. жазган №01-10/693 ном. каты).

Төртүнчүсү – Т.Кожогулов 21,5 га жер участогуна менчик укугун каттоону өтүнсө, 18,0 га АЧЖМФнын жерине жана 11,0 га жайытка дооматы жок экенин айткан күндө деле ал ээлик кылган участокто андай жерлер эч качан болгон эмес! Ошондуктан Т.Кожогулов сатуу-сатып алуу келишими менен алган курулмалар менен 36 га жер аянты (57,5 га-21,5 га=36 га) вагон-үй менен анын менчигинде турат.

Мамкаттоонун кызматкери М.Кай-назаров да жеринде ченеп, бул фактыны – участоктун өлчөмү 21,5 га эмес, 57,5 га экенин аныктаган эмеспи!

Т.Кожогуловдун жерине байланышкан махинациялар боюнча “Кыргыз Туусу” гезитинин 27.06.2023-ж. санында “Коррупционерлер коррупция беренеси боюнча жоопко тартылмайынча коррупция эч качан жоюлбайт” аттуу макала жарыяланган. Ал боюнча Логвиненко айыл өкмөтүнүн кызматкери Ж.Жумакова даярдаган жана башчысы А.Асанбеков кол койгон жооп кат келген (11.07.2023-ж. чыг. №327/01-37). Анда 29.09.2020-ж. ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Н.Самтыров ишке жеке кызыкчылык көрсөтүү менен соттук өндүрүштү токтотуу жөнүндө өтүнүч келтирип, мурдагы айыл өкмөт башчыларынын жерди мыйзамсыз ээлик кылуудан кайтаруу боюнча бардык аракеттерин жокко чыгаргандыгы  жазылат.

Иш жүзүндө, тескерисинче, Н.Самтыров гана мыйзамды жана Т.Кожогуловдун укугун сыйлаган аракет жасаганы аныкталып жатпайбы. А ага чейинки жана андан кийинки өкмөт башчылар маселенин мыйзамдуулугуна көңүл бурбастан, Т.Кожогуловдун менчигиндеги жерлерди тартып алуу аракетин гана көрүп келишкен! Ал үчүн жада калса, токтомдун тиркемесин да жасалмалап жиберишкени аныкталбадыбы!

Эгерде, чынында эле Т.Кожогуловдун жерлери анын менчигинде болбосо, анда соттор анын менчик укугун тастыктаган жогорудагыдай чечим чыгарып беришмек беле?! Экинчиден, Н.Самтыровдун арызды кайра чакыртып алганынан улам соттор Т.Кожогуловдун пайдасына чечим чыгарып коюшкан болсо, анда Н.Самтыровду сотко беришпейби! Ага ким же эмне жолтоо болууда?

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Асанбеков жана адиси Таян Ракымов эч кандай юридикалык негизи жок эле 2023-жылы Т.Кожогуловдун жаңы айдалган 23 га жерин Чоң-Далы айылынын жашоочусу Байзак Коешовго ижарага беришип, ал арпа сээп, түшүмүн жыйнап алат.

Азыр 2025-жыл. Чиновниктерге карата эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн, Т.Кожогуловго келтирилген зыяндардын орду толтурулмак түгүл, улантылууда, Ысык-Ата районунун мамлекеттик органдарынын ал ишке тиешелүү кызмат адамдарына карата эч кандай чара көрүлө элек. Бул боюнча да укук коргоо органдары чара көрүшсө болмок.

С.Эсенбеков 13 жыл катары менен айыл өкмөт башчысы болуп туруп, чарбанын 57,5 га жерин мыйзамсыз тартып алуу аракетин көрүп келсе да кийин райондук өнүктүрүү фондунун жетекчилигине жана Ысык-Ата раймамадминистрациясынын башчысынын орун басарлыгына дайындалып, азыркыга чейин иштеп жатат.

Ал эми мамлекеттик органдарга жана сотторго бурмаланган документти берген раймамадминистрациянын юристи М.Бейшембаева кызмат ордунда иштеп жатат.

Жасалма жана бурмаланган документтерди соттук кароодо отурумдарга катышкан раймамкаттоонун юристи С.Кокшенова ушул мекеменин бөлүм башчылыгына, андан кийин Каракол шаардык сотунун судьялыгына дайындалган.

Акыркы үмүт УКМКда. Бирок, чиновниктер атайын кызматты да адаштырышабы?

Чынында, азыр 57,5 га жердин кайсы бир бөлүгүнө Т.Кожогуловдон башка кимдир-бирөөлөр ээлик кылган болсо, аларда эмне үчүн тиешелүү юридикалык документтер жок? Эгерде болсо, сот аркылуу алда качан эле тариздеп алышмак!

А жергиликтүү жана каттоо органдарындагы чиновниктер Т.Кожогуловдун менчик жерине укукту тариздеп берүүнү ушинтип создуктуруу менен Кожо Насирдин айткандай, “же эшек, же падыша өлөт” деп жатышабы?

Өкүнүчтүүсү – бул маселе боюнча Т.Кожогулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганда, анын арызы УКМКнын кызматкерлери тарабынан териштирилбестен прокуратурага, андан ары ички иштер органына берилип кеткени. Алар иштин чоо-жайын кылдат иликтегендин ордуна, кайрадан эле Мамкаттоо органына, “Кадастр” мекемесине жана айыл өкмөтүнө суроо-талап жөнөтүү менен алар берген маалыматтарга таянышып, дежур жоопторду беришип, натыйжада арыздын тагдыры белгисиз бойдон калган. А аталган мекемелердин жетекчилери менен кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин өздөрү ашкерелешмек беле?!

– Мен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мырзанын бул маселени жеке өзүнүн контролуна алуусун суранат элем, – дейт Т.Кожогулов. – Ошондо гана иштин чыныгы жагдайлары аныкталмак, Мамкаттоо органынын, “Кадастр” мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана адистеринин коррупциялык иштери ашкереленмек.

Мен дагы бир жолу УКМКга кайрылып, ушул ишти аягына  чыгарып берүүсүн өтүнөт элем.

Жыйынтыктап айтсак, “Кыңыр иш кырк жылда да ачылат” дейт эмеспи. Канчалык убакытты создуктурушканы менен акыры бул иш УКМКнын кызматкерлери тарабынан аягына чыгарылып, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан чиновниктер татыктуу жазаларын алышат деп ишенип туралы.

Т.ИСХАКОВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар