Жерин которгон жарандарды өз убагында каттоого турууга милдеттендирген мыйзамдык өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул тууралуу Укук бузуулар кодексине киргизилчү өзгөртүүлөрдүн долбоорунда айтылат. Документ учурда коомдук талкууга коюлду.
Сунушталып жаткан тартипке ылайык, туруктуу жашаган жерин алмаштыргандар же 45 күндөн ашык убактылуу жашаган жарандар 10 күндүн ичинде жаңы дареги боюнча каттоого турушу керек болот. Учурда бул талап бар болгону менен, жоопкерчилик каралбагандыктан, көпчүлүк жарандар аны аткарбай келгени белгиленет.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 7,3 миллион адам жашаса, алардын 263 миңге жакыны каттоосуз жүргөн. Бул көрүнүш мамлекеттик кызматтарды туура пландаштыруу жана коммуналдык инфраструктураны башкаруу иштерине олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылган.
Каттоо эрежесин бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Тактап айтканда, жашаган жерин өзгөрткөнүнө 10 күндөн ашык убакыт өтсө жана каттоого турбаса, 1000 сом айып каралууда. Эгер мындай учур кайталап катталса, айыптын көлөмү 2000 сомго жетет.
Мындан сырткары, жаранга батир берген тараптарга да жоопкерчилик жүктөлөт. Эгер батир ээси батир алган адамдын каттоого турушуна көмөктөшпөсө, жеке адамдар 1000 сом, юридикалык жактар 10 000 сом айып төлөшү мүмкүн.
Жаңы эрежелерди жеңилдетүү максатында, жарандар жашаган жерин онлайн түрүндө — “Түндүк” мобилдик тиркемеси же мамлекеттик электрондук портал аркылуу каттай алышат.
Эскертүү: Мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууда. Жыйынтыгына жараша өзгөртүүлөр кириши мүмкүн.