Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданият“Байчечекей” журналынын роликтери кинотеатрларда көрсөтүлөт

“Байчечекей” журналынын роликтери кинотеатрларда көрсөтүлөт

Балдарга арналган “Байчечекей” журналы тууралуу роликтер эми Кыргызстандагы кинотеатрларда көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.

“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү менен Кинематография департаменти кызматташуу тууралуу макулдашышты. Ага ылайык, “Байчечекей” балдар журналын жарнамалаган роликтер өлкөнүн кинотеатрларында акысыз көрсөтүлүп турат.

“Байчечекей” — бала бакча жана башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сүрөттүү, адабий-көркөм журнал. Айына бир жолу 5000-6000 тираж менен чыгат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар