whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз делегациясы эл аралык фактчекинг борборун түзүүнү сунуштады

Кыргыз делегациясы эл аралык фактчекинг борборун түзүүнү сунуштады

Астана шаарында өтүп жаткан Кытай жана Борбор Азия мамлекеттеринин маалымат агенттиктеринин эл аралык медиа форумунда кыргыз делегациясы фактчекинг жанрына басым жасоо мезгил талабы экенин белгилеп, эл аралык аналитикалык борбор түзүүнү сунуштады.

Аталган медиа форумга жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезитинин Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Султанбек Аманбек уулу жана сайт-редактору Айгерим Качкынбекова катышууда.

«Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай кызматташтык жагынан жакын коңшулар болуп эсептелет. Бул жылы биз чек араларыбызды тактап, Кыргызстан ар тараптан өнүгүп жатат. Мындай позитивдүү маалыматтарды журналисттер элге жеткирүүдө. Бирок, кээ бир маалымат каражаттары такталбаган маалыматтарды  таратышат. Тилекке каршы, алардын ичинде чет өлкөлүк ЖМКлар дагы бар.

Буларга каршы туруу үчүн медиа тармагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштайм. Биргелешкен фактчекинг борборун түзүп, тажрыйба алмашуу кажет. Биргелешкен редакцияларды түзүп, позитивдүү маалыматтар менен камсыздап туралы.  Келгиле биргеликте аналитикалык борбор түзөлү», — деди кыргыз делегациясынын өкүлү өз баяндамасында.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар