Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыВенгриянын премьери Виктор Орбан парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюндады

Венгриянын премьери Виктор Орбан парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюндады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 12-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алды. Ал өлкөнү 16 жыл башкарган.

Тарапташтарына кайрылуусунда Виктор Орбан шайлоонун жыйынтыктары азыртан эле түшүнүктүү экенин, бирок расмий түрдө толук жыйынтык чыга электигин билдирди. Ал жеңилгенин моюнга алып, жеңген партияны куттуктаганын айтты.

Добуштардын 66 пайыздан ашыгы саналып бүткөндөн кийин, оппозициялык «Тиса» партиясы парламентте 137 мандатка ээ болуп, конституциялык көпчүлүккө жетишти.

Шайлоо алдында Виктор Орбан АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан активдүү жана ачык колдоого алынган.

«Тиса» партиясынын лидери 45 жаштагы Петер Мадьяр өлкөдөгү бардык мамлекеттик жетекчилерди, анын ичинде президентти да кызматтан кетүүгө чакырды.

Ал Венгрияга европалык фонддорду кайтарып келүүнү, мамлекеттеги демократияны бекемдөөнү, «Вышеград төрттүгү» алкагындагы кызматташууну жандандырууну жана Россиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдү баштоону көздөп жатканын билдирди. Алгачкы чет өлкөлүк сапарын Польшага жасап, венгр-поляк достугун бекемдөөнү пландап жатат.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар