Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев «Мир» телеканалына маек берди

Адылбек Касымалиев «Мир» телеканалына маек берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттер аралык Мир телерадиоберүү компаниясына эксклюзивдүү маек берди. Маек Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулган.

Маектин жүрүшүндө компаниянын төрагасынын орун басары Ирина Флюр менен болгон баарлашууда Касымалиев Кыргызстандын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолду. Ал макроэкономикалык туруктуулук камсыздалып, ички дүң продукттун туруктуу өсүшү сакталганын белгилеп, 2026-жылга карата амбициялуу пландар менен бөлүштү.

МинКаб башчысы фискалдык реформалар, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана ири инфраструктуралык долбоорлор өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги факторлору болуп жатканын айтты.

Мындан тышкары, маекте Кыргызстандын туристтик потенциалына өзгөчө көңүл бурулду. Касымалиев өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулап жатканын белгилеп, заманбап лыжа базаларын куруу жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка аймактарынан туристтерди тартуу үчүн эл аралык деңгээлдеги тейлөө стандарттарын түзүүгө умтулууда.

Жеке темаларга да токтолгон МинКаб башчысы балык уулоо анын сүйүктүү эс алуусу экенин айтып, таза абадагы машыгууларды энергия жана шыктануунун негизги булагы катары белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Касымалиев Радик Батыршин менен да жолугушуу өткөрдү. Анда маалымат тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы бирдиктүү маалымат мейкиндигин чыңдоодо медиа уюмдун ролу талкууланды.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев менен болгон маекти толугу менен үстүбүздөгү жылдын 20-мартында “Мир” жана “Мир 24” телеканалдарынан көрүүгө болот.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар