Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда мал ылаңдарына каршы вакцина чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда ветеринардык коопсуздукту чыңдоо максатында мал ылаңдарына каршы вакцина өндүрүүчү заманбап завод куруу пландалууда. Бул маселе Эрлис Акунбеков менен Алтын Тамыр акционердик коомунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы ишкананын курулушуна болжол менен 10 млн доллар инвестиция жумшалат. Мамлекет тарабынан долбоорду ишке ашырууга жеңилдетилген насыялар жана инвесторлор үчүн атайын шарттар каралууда.

Учурда «Алтын Тамыр» компаниясы 20га жакын биологиялык препараттарды чыгарат. Жаңы завод ишке кирсе, ал ички рыноктун керектөөсүн камсыздоо менен катар продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Афганистан сыяктуу өлкөлөргө экспорттоону көздөйт.

Министр заводдун курулушун мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүүнү, өндүрүлө турган вакциналардын сапатын эл аралык стандарттарга жеткирүүнү жана аларды сатып алуу боюнча натыйжалуу программаны иштеп чыгууну тапшырды.

Маалыматка караганда, бул стратегиялык объект өлкөдөгү эпизоотиялык абалды туруктуу көзөмөлдөөгө жана ата мекендик мал чарба тармагындагы өндүрүштүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар