whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаӨлкө боюнча 84 миң гектардан зыянкеч чегирткелер аныкталды

Өлкө боюнча 84 миң гектардан зыянкеч чегирткелер аныкталды

Өлкө аймагын каптап жаткан чегирткелер боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирүү таратты.

“Өлкө аймагы боюнча 114 миң гектардан ашык айыл чарба жерлери изилденип, алардын ичинен 84 миң гектарынан зыянкеч чегирткелер аныкталды. Алардын 74 миң гектарында ууландыруу иштери жүргүзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Изилдөө жана күрөшүү иштери Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Чүй жана Нарын облустарында улантылууда. Ал эми Бишкек шаарын каптап жаткан чегирткеге (саранчага) окшош курт-кумурскалардын пайда болушу боюнча Департаментке көп сандагы кайрылуулар түшкөн. Ал боюнча адистер изилдөө жүргүзүшүп, аныкталган курт – үйүрлүү чегиртке (саранча) эмес, жөнөкөй чегирткелер экендигин аныкташкан. Бул курттар адамдын ден соолугуна жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө эч кандай зыян келтирбей турганын кошумчалашкан.

Ал эми Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти, эгерде жаңы очоктор пайда болсо, жарандарды жергиликтүү бийлик органдарына же түздөн-түз Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине кайрылуусу керектигин билдирген.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар