Башкы беткеРубрикаларБилим берүүЖогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуунун акыркы туру башталды

Жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуунун акыркы туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн акыркы, бешинчи туру башталды. Кабыл алуу «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт.

  • 11-августтан 13-август саат 14.00гө чейин абитуриенттер сынакка катышуу үчүн катталат;
  • Окууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 14-августта саат 10.00гө чейин жарыяланат;
  • 14-августтан 16-августка чейин саат 16.00гө чейин абитуриенттер университетке кирүү каалоосун ырасташы керек.

Эгерде бош орундар бар болсо, тизмеден кийинки жана кошумча кабыл алуу сунушталган абитуриенттердин тизмелери 18, 19 жана 20-августта илинет.

Тактап кетсек, төрт турда ЖОЖдорго 27,5 миң абитуриент, анын ичинен 6,6 миңи бюджеттик негизде, 21 миңге жакыны контракт боюнча кабыл алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар