Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо максатында 2025-жылдын 10-октябрында Өзбекстандын Андижан облусунун Ханабад шаарында эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу эки тараптын жетекчилеринин макулдашуусунун негизинде уюштурулуп, анда 2025-жылдын алгачкы тогуз айынын жыйынтыктары талкууланды. Ошондой эле чек арада кызмат өтөөдө өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери жана кызматтык тартип боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Расмий бөлүктөн кийин чек ара кызматтарынын алакасын чыңдоо жана достук мамилени бекемдөө максатында кичи-футбол боюнча достук мелдеш өттү. Жалпы 6 команда катышкан мелдештин жыйынтыгында:
1-орун — Жалал-Абад өкүлчүлүк аппараты,
2-орун — Ош чек ара өкүлчүлүк аппараты,
3-орун — Булак-Башы өкүлчүлүк аппараты жеңүүчү болуп табылды.
Жеңүүчүлөргө медалдар, грамоталар жана кубоктор тапшырылып, мелдеш жогорку духта өткөндүгүн чек арачылар белгилешти.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын ортосундагы достук жана ишенимдүү кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошту.


