Бүгүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, өзгөчө эл аралык транспорт коридорлорун мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы бажы өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн оптималдаштырууга көңүл бурушту.
Министрлер эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун координацияланган иши жүк транзитинин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жүрүшүн камсыз кылуу, ошондой эле аймактык соода жана логистиканы өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү экенин белгилешти.
Мындан тышкары, 2026-жылы жогорку деңгээлдеги визиттерди даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар мамлекет башчыларынын жолугушуулары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер саясий диалогду жана практикалык кызматташууну активдүү улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.


