Президент Жогорку Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

0
11652

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖапаровКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамда төмөнкү өзгөртүүлөр каралган:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордун белгилөө;

  • Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамына ар бир фракциядан же депутаттык топтон төрттөн ашпаган мүчө кириши;

  • Манжа издери жана/же беттин геометриясы аркылуу таануу функциясы бар электрондук добуш берүү тутумун колдонуу мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып белгилөө.

Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр парламенттин ишин натыйжалуу уюштурууга жана чечим кабыл алуу процесстерин модернизациялоого багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз