whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

Кыргызстанда 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында тиешелүү мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде өлкөнүн экономика тармактарын жана калкты энергия менен камсыздоонун учурдагы абалы каралды. Бул багытта Энергетика министрлигинин маалыматы угулду.

Маалыматка ылайык, электр энергиясына болгон керектөө өсүүдө. Тактап айтканда, 2025-жылы республика боюнча электр энергиясын керектөө 19,3 млрд кВт/саатты түзүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу 900 млн кВт/саатка көп. Анын ичинен 15,4 млрд кВт/саат өлкө ичинде өндүрүлсө, 3,9 млрд кВт/саат импорттолгон.

Ошол эле учурда быйыл Кыргызстанда жана жалпы Борбор Азияда суу агымынын азайганы белгиленди. Азыркы тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,102 млрд куб метрди түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,631 млрд куб метрге аз.

Адистер суунун аздыгы электр энергиясын өндүрүүнүн кыскарышына алып келиши мүмкүн экенин эскертип, керектөөнүн бекитилген лимиттерин так сактоонун зарылдыгын белгилешти. Бирок жүргүзүлгөн анализ лимиттер толук сакталбай жатканын көрсөттү.

Көмүр боюнча маалыматка ылайык, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн 3 млн 174,7 миң тонна көмүр талап кылынат, учурда анын кору жетиштүү. Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунда да көмүр менен мазуттун запасы жетиштүү экени айтылды.

Мындан тышкары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Саламаттык сактоо, Агартуу министрликтери, Мамлекеттик чек ара кызматы жана облустардагы өкүлдөр жылытуу мезгили туруктуу өтүп жатканын, олуттуу көйгөйлөр жок экенин билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге күчөтүлгөн режимде иш алып баруу, калкты жана социалдык маанидеги объектилерди отун, электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даяр болуу тапшырылды.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар