Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев шаршемби күнү Талас шаарындагы курулуш иштерин кыдырып көрүп, сапатсыз жүргүзүлүп жаткан көрүнүштөр боюнча Талас шаардык мэриясынын кызматкерлерин жана подрядчик ишканаларын катуу сынга алды.
Азыркы учурда Талас шаарындагы 54 чакырым тротуарды куруп, асфальт-тоо иштери жүрүп жатат. Республикалык бюджеттен бул иштерге 300 миллион сом каражат бөлүнгөн. Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакуловго шаардагы курулуш иштерин сапаттуу жана ыкчамдатуу боюнча көрсөтмөлөрдү берди. Тротуарлардын курулушу башталганына 3-4 ай болсо дагы ырааттуу жана көзгө көрүнөөрлүк иштер азыраак болуп жатканы тууралуу коомчулук арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында сын пикирлер айтыла баштаган эле. Азыркы учурда 8 подрядчик ишти жүргүзүүдө.
Ушуга улай эле Э. Жумаев Талас шаарындагы жол курулуш иштери боюнча жыйын өткөрүп, ага подрядчы ишканалардын жетекчилери,Талас шаардык мэриясынын өкүлдөрү, курулуш иштерине тиешелүү мекеме уюмдардын жетекчилери катышты.
Облус жетекчиси жол курулуш иштерин мыйзамдуу, сапаттуу, натыйжалуу бүткөрүү талабын коюп, эгер иш сапатсыз, натыйжасыз жүрсө заказчы уюмга да, подрядчик ишканаларга да өтө жагымсыз көйгөй болоорун эскертти. Өлкөдө үч шаардын мэри камалып, бир нечеси иштен бошотулган окуяларга токтолду. Ал Талас шаардык мэриясы менен подрядчы ишканалардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү неге узартылып, создугуп жатканына кызыкты. Коомчулук, шаар тургундары тарабынан нааразылыктар, сын-пикирлер жаралып жатканын белгилеп, ал сындар жүйөөлүү экендигин белгиледи.
Талас шаарынын борбордук аянтына учурда кум шагыл төшөлүүдө, подрядчы ишкана «Дос курулуш»ишканасынын өкүлү июль айында аянтты толук, сапаттуу бүткөрүп берүүгө убада берди.
Жыйында Э.Жумаев узундугу 93 чакырымга созулган Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушу кечигип жатканын, мындан бир нече ай мурда КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Таласка иш сапар менен келгенде аталган жол эки жылдын ичинде толук бүткөрүлүшү боюнча тапшырма коюп кеткенин эске салды. Аталган жолдун курулуш ишин жүргүзүүнү мойнуна алган чет элдик компаниянын өкүлү бир топ убакыт мобилизациялык иштерге кеткени менен түшүндүрүп, азыркы убакта иш башталганын билдирди. Облус жетекчиси аталган жолдо 7 техника эмес, эң кеминде ондогон техникалар тынымсыз иштетилиши ыңгайлуу жана шарттуу болмок деди.
Эске салсак, Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүнүн курулушу өткөн жылы сапатсыз жасалгандыктан, ал жол тилкеси кабыл алууга жараксыз деп табылып, эки жылдан бери ишкана ремонт иштерин жүргүзүп, убара тартып жатат.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
«Кыргыз Туусу»

