Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү бүгүн, 20-мартта башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министр Эрлист Акунбеков белгилегендей, айыл чарбасындагы маалыматтарды каттоо иши өлкөдөгү тармактын реалдуу абалын аныктоого, асыл тукум малдын санын тактоого жана тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле асыл тукум мал тууралуу маалыматтар электрондук форматта, тиешелүү фотосүрөттөрү менен чогултулуп, малдын толук тизмеси түзүлүүдө. Маалыматтарды тактоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, Мамлекеттик жер фондунан айыл чарба багытында убактылуу пайдаланууга берилген жерлер боюнча маалыматтар такталып, ижарачылардын тизмеси облустук жана райондук статистикалык органдарга берилип жатат.
Каттоо иштерин санариптик платформалар аркылуу жүргүзүү пландалууда. Бул максатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жооптуу кызматкерлер үчүн окутуу иштери уюштурулуп, маалыматтарды толтуруунун тартиби түшүндүрүлөт.
Белгилей кетсек, өнөктүк бүгүн башталып, 10-апрелге чейин уланат.

