Башкы беткеМаанилүүДүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын паспортунун позициясы өзгөрдү

Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын паспортунун позициясы өзгөрдү

Кыргызстандын паспорту «Паспорт индекси» паспортторунун интерактивдүү рейтингиндеги позициясын 2023-2024-жылдары салыштырмалуу 14 пунктка жакшыртты. Бул тууралуу Тышки иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Албания, Черногория, Таиланд Королдугу, Венесуэла Боливардын өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин, ошондой эле Кипр Республикасынын – дипломаттык паспортторунун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуулар ратификацияланганын билдирет.

Министрлик азыркы тапта чет мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерине карата макулдугун берип жаткандыгын, ошол эле учурда визасыз режимди этап-этабы менен киргизүү жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визасыз сапарларды кеңейтүүнүн кийинки кадамы болорун белгиледи.

Тактап кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-мартына карата Кыргызстандын паспорту 67-орунда турат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар