Башкы беткеРубрикаларБилим берүү12 жылдык билим берүү эмне үчүн керек?

12 жылдык билим берүү эмне үчүн керек?

Окутуунун 12 жылдык системасына өтүү кызуу талкууланууда. Айтылганы көп болду, алигиче башы ачылбаган маселелер арбын окшобойбу. Ушунун өзү маалыматтын жетишсиздигин, коомго түшүндүрүү иштеринин солгундугун тастыктайт. Жогорку деңгээлде кайчы пикирлер жаралды.

Эки-үч күндүк талкуудан кийин коомчулук 12 жылдык билим берүү боюнча жалпы бир пикирге келгендей болду. Башта “Биздеги мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти, ушул түйшүктү чечмейинче башка системага умтулуунун кереги жок” деп 12 жылдык окуу системасына каршы пикирин билдирген УКМКнын төрагасы К.Ташиев: “Мен буга чейин 12 жылдык билим берүүгө карата өзүмдүн тынчсыздануумду билдиргем. Ошол кайрылуумдун натыйжасында, бүгүн бул маселе боюнча эксперттер, КР Билим берүү министрлигинин жетекчилиги, окумуштуулар жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин катышуусунда атайын жыйын өтүп, кеңири пикир алышып, талкуу кылдык. Мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен, билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүү менен дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Б.а. баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен, улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп, ишке ашыруу чечими кабыл алынды, буга макул болсок болот.

12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу жана өлкөбүздүн билим берүү системасын келечекке багыттоо мүмкүнчүлүгү экендиги баса белгиленди. Ошондуктан, алдыга жылууну туура көрдүк. Себеби, биз президентибиздин толуктап, тактап, алдыбызга койгон тапшырмаларын так жана ийгиликтүү аткарууга милдеттүүбүз!” – деген пикирин ортого салды.

Билим берүү жана илим министрлиги да “өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, айкындалган тобокелдиктерди азайтуу менен 12 жылдык мектептик билим берүүнү этап менен киргизүүнү улантат. Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаш курактан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү
жоюуга багытталган.

12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул мектеп окуучуларына багытты тандоого аң-сезимдүү түрдө барууга жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берет” деген билдирүү жасады.

Социалдык тармактарда да 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү колдогондор арбын. Алардын бири Кеңешбек Сайназаров 12 жылдык окуу системасы чыныгы реформага айланып, “провалга” алып барбагандай, Кыргызстандын муктаждыктарына төп келгендей болушу үчүн: биринчиден, окуу программаларынын мазмунун, экинчиден, билим берүү сис-темасында сапатты камсыз кыла турган негизги кыймылдаткыч күч мугалимдерди, үчүнчүсү, билим сапатын жетекчиликке алып, көзөмөлдүк кылган негизги тутум – мектеп жана район администрацияларын түп тамырынан жаңылоо керек, “ушул үч орчундуу маселеде бардык Кыргызстан коомчулугун тынчсыздандырып жаткан сапат маселеси турат” деп эсептейт.

Кытайдын Шаньдун университетинен эски кытай тилин үйрөнүп, Япониянын Васеда университетинен магистратураны жана докторантураны аяктаган Сейтек Качкынбаев: “12 жылдык билим берүүдө ЖОЖ 4 жыл болот дүйнөлүк практикада. Илгерки немис билим берүүсүн СССР туураган системада 11 жыл мектеп, ЖОЖ 5 жыл болгон, 3 жыл аспирантура.

12 жылдык системада 6 жыл алгачкы мектеп, 3 жыл орто мектеп, 3 жыл жогорку мектеп, 4 жыл Бакалавриат(ЖОЖ), 2 жыл Магистратура, 3 жыл PhD.

Алгачкы 6 жыл менен орто мектептин 3 жылы жалпы 9 жыл милдеттүү болот, жогорку мектептин 3 жылы тандоо укугу бар ар кимде. Мындайча айтканда, 10-, 11- жана 12-класстты окуш же окубаш тандоого жараша болот 12 жылдык системада”, – деп 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын  белгилеген.

Мурдагы билим берүү жана илим министри  Каныбек Иманалиев да: “12 жылдык билим берүү боюнча, биринчиден, 12 жылдыкка өткөндө ЖОЖдорго окуу 4 жылдык эмес 3 жылга азаят, демек, бир жыл эрте бүтөт, экинчиден, колледждер 3 жылдан 2 жылга кыскарышы керек, үчүнчүдөн, 12 жылдыкка өткөндө көбү 10 жылдан кийин эле кесип тандоого өтүп, лицейлер, орто кесиптик окуу жайларга өткөндөр көбөйөт, демек баары эле сөзсүз түрдө 12 жыл окуй бербейт, төртүнчүдөн, балдарыбыз 7 жашка караганда мектепке 6 жашында барса сабакты өздөштүрүүсү тезирээк жана сапаттуу болоору эбак аныкталган, бешинчиден, 12 жылдыкка өтүү бул дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашуу болуп эсептелинет, алтынчыдан, сапаттуу билим берүү жана 12 жылдыкка өтүү экөө эки башка маселе”, – деп 12 жылдык билим берүүгө өткөндө эмне утушка ээ болоорубузга  токтолгон.

Бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган агайлардын айтымында, 12 жылдык билим берүүнүн модели жалпы дүйнөлүк тренд, мындай система дүйнөнүн 136 өлкөсүндө иштеп, дүйнөнүн 80%дан ашуун өлкөлөрүндө колдонулат. 12 жылдык моделге өтүү менен орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында негизги билим берүү предметтеринин саны кыскарып, кесиптик блоктогу атайын дисциплиналарга көбүрөөк басым жасалат.

Маалымат үчүн: Суроолор жана жооптор

Суроо: Ата-энелер балдары бала бакчада “Наристе” программасынан окугандыгын кантип тастыктай алат? Буга сертификат же башка бир документ берилеби?

Жооп: “Наристе” программасы – мектепке чейинки билим берүүгө тартылбай калган 5-7 жашка чейинки балдар үчүн даярдалган программа. Ал эми бала бакчага барып жүргөн балдар үчүн “Балалык” программасы иштейт. Аларга сертификат берилбейт, бирок алар автоматтык түрдө даярдоо тайпасынан өтүп, мектепке даярдоо программасын окугандыктан, 2-класска отурат. Аларга тестирлөө жүргүзүлбөйт. Сертификат да берилбейт. Балдарды 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүрөт, аларга сөзсүз түрдө өздүк делосу ачылат. “Балалык” программасынын сайтына катталып, жеке кабинетинен каттоодон өткөн соң, баланын жеке маалыматтарын базага киргизиши керек. База системасы автоматтык түрдө балдарды экинчи класска кабыл алат.

Бизде 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясы иштелип чыгып, ал Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын уюштуруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана өнүктүрүү багыттарын чагылдырган негизги документ болуп саналат.

Өзүнүн автордук гимназия мектебин негиздеген, эмгек ардагери, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов 2012- жылдан бери анда-санда сөз болуп, бирок ишке ашпай келген 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруунун максаты – «12 » деген санда эмес анын маанисинде, маңызында жана мазмунунда” деп эсептейт. Анын артыкчылыгы катары – бардык балдарга жөндөмдүү-жөндөмсүз, бай-кедей, айыл-шаар дебей бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү ишке ашырууда экенин белгилейт.

Маалымат үчүн: Суроолор жана жооптор

Суроо: 2025-жылдын 1-сентябрында 1-класска канча жаштагы балдар барышат?

Жооп: 2025-жылдын 1-сентябрында 1-класска 2019-жылы төрөлгөн балдар барышат.

***

Суроо: 2025-жылдын 1-сентябрында 2-класска канча жаштагы балдар барышат?

Жооп: 2-класска 2018-жылы төрөлгөн балдар жана мектепке даярдоо программасынан өткөн 2019-жылы төрөлгөн балдар да барышат.

***

Суроо: 1-класска жана 2-класска каттоо качан башталат?

Жооп: 1-класска жана 2-класска каттоо бир учурда өткөрүлөт. Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этап 2025-жылдын 1-апрелинде башталат, каттоо баланын ата-энеси туруктуу расмий түрдө катталган жер боюнча жүргүзүлөт. Экинчи этап 2025-жылдын 2-июнунда башталат, каттоо баланын ата-энеси туруктуу катталган жерге карабастан жүргүзүлөт.

Профессор Кыргызбай Добаев Кыргызстан окутуунун 12 жылдык моделине мурда эле өткөнүн белгилеп: “Биринчиден, биз окутуунун бул моделине илгертен эле өткөнбүз. Азыр ошону жөн гана мыйзамдаштырып жатабыз. Эсиңиздерде болсо керек? Бизде нулевой класс деген бар эле, эми ошолор дароо биринчи класс болушат. Ушуну көбү байкабай жатышат.

Экинчиден, бизде нулевойдо иштегендердин айлыгы да башталгыч класстын мугалимдерине караганда азыраак эле, статусу да төмөн болчу. Эми мындан ары мындай айырма болбойт.

Үчүнчүдөн, азыркы 5-6 жаштагылар мектепке келбей жатып эле компьютер менен телефондон окуганды үйрөнүп келүүдө. Ошондуктан алты жаштагылар бала бакчага батпай калышты. Аларды мектепте гана окута алабыз”, – деген пикирин билдирген.

Суроо: 1-2-класстын окуучулары жаңы окуу жылында кандай окуу программасы менен окушат?

Жооп: Учурда мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип жатат, андан кийин мектептик предметтик стандарттар чыгат, андан кийин китептер, окуу усулдук колдонмолор иштелип чыгат.

Суроо: Беш жарым-алты жаштагы балдарды ата-энеси мектепке жибербей, бала бакчада калтырып кое алышабы? Эгер бул мүмкүн болсо, анда ал бала келерки жылы кайсы класска барат?

Жооп: Беш жарым жаштагы балдар эгерде сентябрь айына карата алты жашка чыга элек болсо, окуу жылынын аягына чейин бала бакчанын жогорку тайпасында кала алат жана кийинки жылы 1-класска барат. Эгерде сентябрга чейин алты жашка чыккан болсо, бала бакчада калбайт, анткени мамлекеттик билим берүү стандартында 6 жашка чыккан балдар 1-класска барат деп так көрсөтүлгөн. Андыктан ата-эне ден соолугу чың баласын 1-класска бергенге укуктуу.

P.S. Макаланы даярдоодо Билим берүү жана илим министрлигинен, “Кутбилим” гезитинен, ачык маалымат булактарынан алынган маалыматтар пайдаланылды.

Кандай дегенде да Билим берүү жана илим министрлиги ар бир суроого так жооп берип, түшүндүрүү иштерин түшүнүктүү жана жеткиликтүү жүргүзүүсү абзел.

 

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар