whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.11.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүТуризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө туризм тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары, инфраструктураны жакшыртуу, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аренада илгерилетүү, мейманкана жана туристтик жыйымдардын моделин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасына 2,8 миллиондон ашык чет элдик жаран келди, алардын 88,45%ы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген туристтер. Туризмден түшкөн салыктык кирешелер 160,6 миллион сомду түздү, бул сектордун туруктуу өсүшүн көрсөтүп турат.

Эдил Байсалов туризм тармагынын өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү, жумуш орундарын түзүү жана региондорду өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ал мамлекет менен жеке сектордун активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгын белгилеп, туризмди өнүктүрүүгө туруктуу жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Жыйындын жыйынтыгында өлкөнүн туризм тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү сунуштар жана сунуштамалар иштелип чыкты. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде мейманканалык

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар