Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев эл аралык экологиялык конференцияга катышууда

Адылбек Касымалиев эл аралык экологиялык конференцияга катышууда

Россия Федерациясынын Алтай Республикасындагы “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда эл аралык экологиялык конференция башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн бул конференцияга келген бир катар мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.

Алгач, конференция башталаар алдында делегация башчылары саламдашып, андан кийин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң, пленардык жыйын өтүүчү  залына өтүштү.

Белгилей кетсек, Эл аралык экологиялык конференцияга — Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышууда.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар