Башкы беткеСаясат жана коомКоомАкыйкатчы жабык жайларды текшерди

Акыйкатчы жабык жайларды текшерди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек ШИББнын атайын кабыл алуу жайына барды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, атайын кабыл алуучу жайдын 24 камерасында 56 адам (53 эркек, 3 аял) кармалып тургандыгы аныкталды.

Акыйкатчы бир катар камераларга кирип, кармалган жарандар менен баарлашты.

Жарандар санитардык-гигиеналык шарттарга даттанышты. Алардын айтымында, санитардык түйүндөр тазаланбагандыктан, камераларга жагымсыз жыт келип турат. Ошону менен катары эле аларга самын, даарат кагазы берилбейт.

Акыйкатчы атайын кабыл алуу жайынын жетекчисине камераларада санитардык тазалоону  өз убагында жүргүзүүнү жана зарыл гигиеналык каражаттар менен камсыз кылууну сунуштады.

“Кармоо шарттарынын жана гигиеналык каражаттардын жоктугу бир гана техникалык кемчилик эмес,  КР Конституциясында жана эл аралык келишимдерде бекитилген адам укуктарынын бузулушуна алып келет” , — деди Жамиля Жаманбаева.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар