Аймактар

  • Баткен

Облустагы аскер бөлүгүндө чек арачыларга кызматтык квартиралардын ачкычын тапшыруу салтанаты болду. Бул квартираларды куруу 2022-жылы башталган. Мурда аскер бөлүгүндө 80 квартира болсо, ага 60 квартира кошулуп, жалпы 140ты
түздү.

  • Зардалы

Данги капчыгайы аркылуу кеткен Кызыл-Таш – Зардалы жолунун курулушу жүрүүдө. Азыркы тапта 9 чакырым жолдун 8 чакырымы бүтүп калды. Капчыгайда жүк көтөрүмдүүлүгү 90 тонна көпүрө салынат жана эки тилкелүү жол болот. Азыркы учурда транспорт менен Кызыл-Таш айылына гана барууга болот.

  • Өзгөн

Райондун Дөң-Булак айылынын аймагында Өзгөн-Чымбай унаа жолунун беш чакырымы асфальт-талып, ишке берилди. Айтымда бул жол менен Кара-Кулжа районуна барууга болот.

  • Ош шаары

Шаардагы Алишер Навои жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине ойчул жана акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулат.

  • Алай

Гүлчө айылында Алымбек датка атындагы паркты реконструкциялоо аягына чыгып калды. Учурда эски конструкциялар демонтаждалууда. Парктын реконс-
трукциясына 20 млн. сом каражат каралган.

  • Ак-Талаа

Тоголок Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында жаңы мектептин курулушу аяктады. Эске салсак, Аскар Турдакунов атындагы мектептин биринчи корпусу 1965-жылы, экинчи корпусу 1987-жылы курулуп, жаан жааганда чатырынан суу агып, жерпайы отуруп, дубалынан жарака кетип калган болчу.

  • Баетов

Баетов айылында 240 орунга эсептелген жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Долбоордун сметалык баасы 176 млн. сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланмакчы.

Курулушту аяктоо 2026-жылдын ноябрь айына белгиленген.

  • Талас

Талас шаарын өнүктүрүүнүн 2045-жылга чейинки башкы планы коомдук талкуудан өттү. Анын жүрүшүндө коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан кошумча сунуштар айтылды.

  • Кайыңды

Коммерциялык объекттер үчүн бирдиктүү дизайн код киргизилди.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

Мурунку макала
Кийинки макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар