Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча иш сапары менен Тажикстанга келди.
Аэропортто Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий өкүлдөр тосуп алды.
Мамлекет башчысы сапарынын алкагында «Борбор Азия – Орусия» экинчи саммитине жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана «Борбор Азия – Орусия» форматында практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөчү бир катар документтерди карап, кабыл алуу күтүлүүдө.

