Садыр Жапаров 6-март күнү Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке келген жамаат үчүн ооз ачар уюштурду.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жамаатты ыйык Орозо айы менен куттуктап, бул айда ыйманды бекемдөөгө, кайрымдуулук кылууга жана бири-бирине колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Президент Орозо айында муктаждарга жардам берүү, жакшылык кылуу жана руханий жактан тазаланууга умтулуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле ал ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык жана ынтымак каалады.
Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы мечитке келген жамаат менен бирге ооз ачып, намаз окуду.

