«Менин үйүм» турак-жай программасынын алкагында Бишкек шаары, Маликов көчөсү 91 дарегиндеги «Мурас Ордо» турак жай комплексинен 77 чек арачы батирлүү болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Жаңы үйлөрдү жана батирлерди тапшыруу жөн эле ачкычтарды берип коюу эмес, бул сиздердин сиңирген эмгегиңиздерге жана Мекенди коргоодогу жан аябас кызматыңыздарга баа берүү. Сиздердин оңой эмес ишиңерди, чек ара кызматындагы орчундуу кыйынчылыктарды жеңип, ар күн сайын кайраттуу, ак ниет кызмат өтөп келе жатканыңарды мамлекет жогору баалайт», — деди ал.
Камчыбек Ташиев Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген аскердик инфраструктуранын жакшырып жатканын белгиледи. Чек ара кызматы үчүн 60тан ашуун объекттер тургузулуп, дагы 30унун курулушу жүрүп жатат.
Маалыматка караганда, акыркы беш жыл аралыгында 570тен ашык чек арачы жаңы батирлерди алышты. Быйылкы жылы дагы 100 үй-бүлө Баткен жана Ысык-Көл облустарында ак өргөлүү болору күтүлүүдө. Ошондой эле жылдын аягына чейин дагы 60 чек арачы Бишкекте жаңы батирлерди алышат.