Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭдил Байсалов БУУнун океан боюнча жыйынынын алкагында жолугушууларды өткөрдү

Эдил Байсалов БУУнун океан боюнча жыйынынын алкагында жолугушууларды өткөрдү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ницца шаарында (Франция) өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун океан боюнча конференциясынын алкагында мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле дос өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү жана туризм тармактарында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары “Тоолордон океандарга” аттуу иш-чарага катышты. Талкуунун жүрүшүндө кыргыз тарап иш-чаранын күн тартибине кирген бийик тоолуу аймактардын кызыкчылыгында экосистемаларды сактоонун, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануунун жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруу сыяктуу негизги артыкчылыктарды белгиледи.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар