Өзбекстанда мал чарбасында өзгөчө көзөмөл режими киргизилди

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги жана Өзбекстандын фермерлер кеңеши 18-апрелден 18-майга чейин мал чарбасында өзгөчө көзөмөл режимин киргизди. Маалыматка ылайык, мындай чара дүйнөдө жайылып жаткан шарп оорусунун жаңы SAT серотипинин коркунучу менен байланыштуу. Адистердин айтымында, бул вируска каршы колдонулуп жаткан вакциналар толук коргоо бере албайт.

Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча дүйнөлүк уюм билдиргендей, 2025–2026-жылдары бул жаңы түрдөгү вирус 48 өлкөдө катталган. Өлкө ичинде расмий түрдө оорунун очогу каттала элек. Бирок социалдык тармактарда оорунун белгилери байкалган малдар тууралуу видеолор таралууда. Айрым фермерлер малдын тамактан баш тартып, бир нече күндөн кийин өлүп жаткан учурларын билдиришкен.

Аймактагы абал чыңалуу бойдон калууда: буга чейин Кытайда оорунун учурлары катталып, Казакстан чек ара аймактарында шашылыш эмдөө иштерин баштаган. Ошондой эле 2025-жылдын соңунда Россияда малды массалык түрдө союу жүргүзүлгөн.

Өзбекстандык фермерлерге чарбаларга кире бериштерде дезинфекциялык тосмолорду орнотуу, сырттан келген адамдардын киришин чектөө сунушталды. Адистер мал ээлерин өз алдынча дарылоодон алыс болууга чакырып, дене табы көтөрүлүп, туяктарда же ооз көңдөйүндө жаралар пайда болгон учурда дароо ветеринарларга кайрылууну эскертишти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз