Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйрым ишканалардын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү тапшырылды

Айрым ишканалардын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү тапшырылды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 26-апрелде «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын жана «Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү» агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ошондой эле «Тазалык» ишканасына 32 заманбап атайын техника берилген.

«Кызматкерлерди өз убагында атайын сезондук кийимдер менен камсыз кылуу жана аларга ылайыктуу эмгек шарттарын түзүү маанилүү», — деп белгиледи мэр.

Жунушалиев атайын техниканы эффективдүү пайдалануу жана ар бир жергиликтүү аймактык бирдиктерге, анын ичинде ААРдин алкагында борборго кошулган жаңы айылдарга да бөлүштүрүү милдетин койгону айтылды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар