Бишкекте Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Бүткүл кытай эл өкүлдөр жыйынынын төртүнчү сессиясынын жана Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытай комитетинин төртүнчү сессиясынын жыйынтыктарына арналган брифинг болуп өттү.
«Эки сессиянын» негизги чечимдери тууралуу КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин маалымат берди. Элчи өз сөзүндө белгилегендей, «Эки сессия» салттуу түрдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктап, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн векторун белгилейт. Бул жылы өзгөчө көңүл учурдагы милдеттер менен катар узак мөөнөттүү стратегиялык пландаштырууга бурулду.
Негизги жыйынтыктардын бири — 2026-жылга өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын аныкталышы. Алар туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо денгээлин жогорулатууга жана экономиканын ички потенциалын бекемдөөгө багытталган. Басым инновацияларга, санариптештирүүгө жана натыйжалуулукту жогорулатууга жасалууда.
Башкы документ катары эл чарбасын жана социалдык өнүгүүнү камтыган 15-беш жылдык план кабыл алынды. Ал жакынкы беш жылга карата жол картасын аныктап, экономиканы модернизациялоо, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүү жана социалдык саясатты чыңдоо боюнча чараларды камтыйт. Лю Цзянпиндин айтымында, план сапаттуу өсүшкө — туруктуураак өнүгүү моделдерине өтүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана илимий изилдөөлөрдү колдоого багытталган. Социалдык тармакка, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системаларын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилет. Ошондой эле 2035-жылга чейинки стратегиялык багыттар белгиленип, заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана экологиялык туруктуу экономиканы түзүү каралган.
Брифингдин жүрүшүндө бул милдеттерди ишке ашыруу эл аралык кызматташууну тереңдетүү менен коштолоору баса белгиленди. Кыргызстан үчүн «Эки сессиянын» жыйынтыктары эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жагынан практикалык мааниге ээ. Мындайча айтканда, кабыл алынган чечимдер туруктуу өнүгүүгө, экономиканы модернизациялоого жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган ырааттуу багытты ырастайт.
Курманбек МАМБЕТОВ.

