Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсү кесилишинде эстакадалык көпүрөсү бар ири транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Курулуш иштерин 2026-жылдын апрель айында баштоо каралууда.
Долбоор шаардагы эң көйгөйлүү жол тилкелеринин бириндеги тыгындарды азайтып, унаа агымын жөнгө салууга багытталган.
Маалыматка ылайык, курулуш аймагына жалпысынан 64 объект түшөт. Алардын ичинен 16сынын жерине мамлекеттик актылары бар, дагы үч объект «жашыл китеп» менен катталган. Калган даректер боюнча тиешелүү документтер такталууда.
Учурда шаар бийлиги менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кийинки жолугушуу 24-мартка белгиленип, анда компенсация жана төлөм тартиби талкууланат. Ошондой эле курулуш маалында транспорт үчүн альтернативдүү жолдорду уюштуруу жана долбоорго тоскоол болгон объекттерди тез арада демонтаждоо иштери каралууда.
Бул долбоор ишке ашса, шаар тургундары үчүн кыска мөөнөттө айрым ыңгайсыздыктар жаралганы менен, келечекте жол кыймылы кыйла ылдам жана туруктуу болору күтүлүүдө.


