Башкы беткеРубрикаларАймактарКочкордо күн электр станциясын куруу уланууда

Кочкордо күн электр станциясын куруу уланууда

Кочкордо күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган агенттик Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Энергетика министрлиги менен биргеликте Коңорчок айылында кубаттуулугу 150 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду илгерилетүүнүн жыйынтыктоочу этабына келишти.

Долбоор Эл аралык каржы корпорациясынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда жана өлкөдө калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүнүн алкагындагы кадамдардын бири катары каралууда.

“Жашыл” энергетиканы өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мындай демилгелерди ишке ашыруу энергия булактарын диверсификациялоо жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар