Даанышман Өкүмдарлар дайыма өз аскерлерине гана таянып келген. Алар чоочун аскер менен жеңишке жеткенден көрө өз аскери менен жеңилгенди оң көрүшкөн. Анткени, башканын күчү менен жеткен жеңиш – чыныгы жеңиш эмес…”
Бул сөздөр мындан 5 кылым мурда жашаган саясий ойчул Никколо Макиавеллиге таандык. Анын “Өкүмдар” деген китеби кыргыз тилине которулуп китеп болуп басылып чыкты. Бийликтин жана саясаттын маңызын билгиси келгендер үчүн бул китеп кызыктуу болору анык.
“Кыргыз окурмандары кыргыз классикалык адабияттардан сырткары дүйнө классикаларын да кыргыз тилинде окуш керек. Дүйнө таанымыбызды кыргыз тил аркылуу өнүктүргөндө гана улуттук иденттүүлүгүбүз өз нугунда калыптанат. Өзгөчө коомдук, саясий аң-сезимибизди өстүрүү үчүн дүйнөлүк тажрыйбаларга, маалыматтарга, тарыхый булактарга муктажбыз. Буга чейин дүйнөлүк ойчулдардын эмгектерин биздин интеллигенция, айдыңдар башка тилде окуп, бирок, кыргызча талкуулап өсүштү. Эми бул абал муундан муунга кайталана бербей кийинки айдыңдар дүйнөнү өз эне тилинде окуп чоңоюш керек. Ошондо гана эркин ой жүгүрткөн, сынчыл ойломго ээ болгон, эрктүү, эгемен эл болуп түптөлө баштайбыз. Тилекке каршы, биз өз фольклорубуз менен эле чектелип калгандайбыз, албетте, биздин башкага айта турган, аларды үйрөтө турган омоктуу ойлорубуз, үлгүлүү сапаттарыбыз бар экени талашсыз. Бирок башканы таанып-билүүдө, үйрөнүп-окууда ал иш өз эне тилибиз аркылуу жүргөнү жакшы”, – дейт долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегин. Ал ошондой эле тарыхта эң эле даана изин калтырып, ушул күнгө чейин эң популярдуу китептердин катарында болуп келген бул китеп эми кыргыз тилине которулуп, бизге да кенен жеткиликтүү болуп турганы чоң кубаныч экенин кошумчалады.
Бул кичинекей китептин жазылганына бүгүн 500 жылдан ашыптыр. Бирок ушул күнгө чейин «Өкүмдар» дүйнөдө эң көп изделген, эң көп сатылып алынган, интернеттеги издөө программаларында эң көп суралган китептердин бири болуп келет. Демек, бул китептин жазылган заманы эчак өтсө да ичинде сүрөттөлгөн окуялар эскирип кетсе да, андан бери саясий түзүлүштөр, мыйзамдар, институттар такыр башка болсо да, китепте сыпатталган саясаттын табияты дагы деле бүгүнкү окурмандарга тааныш учураса керек. Бүгүн деле окурман бул сөздөрдүн, ойлордун ичинде өзүнө тааныш кубулуштарды таап чыкса керек.
Макиавелли – чыгаан саясий ойчул болгон. Ал Европа тарыхындагы эки замандын – орто кылым менен жаңы доордун тогошкон жеринде төрөлүп из калтырган, саясий философияга, илимге, дегеле саясат дүйнөсүнө түрткү берген Никколо Макиавелли азыркы Италия пайда боло электеги опурталдуу тарыхы бар Флоренция шаар-мамлекетинин жараны болгон. Анын орто кылым доо-рундагы дин менен чиркөөнүн таасири басаңдап, жаңы доордун – Италия ренессансынын – илимге, маданиятка, ада-
биятка жол ачып турганында жашап өткөнү – сөзсүз, чоң мааниге ээ. Ошол доордун ачылып жаткан эшиктерине кирип келген эң чыгаандардын бири катары Макиавелли да кысымга дуушар болгон.
Н. Макиавеллинин “Өкүмдар” китебин кыргызчалап, аны кыргыз тилдүү окурманга сунуштоонун зарылчылыгы тууралуу ою менен бөлүшкөн саясат таануучу Эмилбек Жороев: “Биринчиден, эң эле жөнөкөй, бирок, зарыл мааниси: кыргыз тилдүү жарандар дүйнөлүк адабияттан, билим менен илимден, философия менен тарых темаларынан, беш кылым бою талкууланып, окулуп келе жаткан эмгектен куру калып келгени чоң өксүк. Колуңуздагы китеп ушул кенемтени бүтөп кетүүгө болгон салым десек туура болот. Эгемендик алгандан бери куруп келаткан, кээде жыгылып, жолдон тайып, бирок, кайра туруп, мамлекеттүүлүктү түптөп, демократиялык бийлик куруп келе жаткан элдин саясат жөнүндө, мамлекет куруу жөнүндө, бийлик жөнүндө сергек болушу, тескелип алынган билими, түшүнүгү болушу – эң маанилүү муктаждык. Анткени күчтүү, өнүккөн мамлекет билимдүү, күчтүү жарандар менен гана курулушу мүмкүн”, – дейт.
Ошондой эле, «Өкүмдарды» окуп чыккан, интеллектуалдык изденүүгө көнгөн кыргыз окурманы дагы да ары кызыктуу, ары пайдалуу бүтүмдөргө жетиши мүмкүн. Бул китепти окуп жатып бул жерде келтирилген ойлордон сырткары дагы башка ойлорго, сындарга, кызыктуу интеллектуалдык сапарларга шыктанып чыгарсыз. Кантсе да, «Өкүмдар» сизге жагымдуу сапар тар-тууласын, урматтуу окурман!
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”