Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Кыргызстан – Германия: кесиптик билим берүү тармагында кызматташуунун тажрыйбалары”

«Кыргызстан – Германия: кесиптик билим берүү тармагында кызматташуунун тажрыйбалары”

2025-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарындагы  №5 Кесиптик лицейинде «Кыргызстан – Германия: кесиптик билим берүү тармагында  кызматташуунун тажрыйбалары” деген аталыштагы эл аралык деңгээлдеги иш-чара болуп өттү.

Бул саамалык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен, Erasmus+ эл аралык программасынын алкагында уюштурулду. Анда №5 кесиптик лицей менен Бавариядагы Нойзес  кесиптик мектебинин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын натыйжалары, жетишкендиктери жана келечектеги пландары  талкууланды.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы билим берүү жана маданий кызматташтыкты бекемдөө, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйбаларды алмашуу  жана жаңы демилгелерге жол ачуу.

Программада  лицейдин тарыхы жана жетишкендиктери боюнча презентация көрсөтүлүп, Binteq Group компаниясы менен биргеликте  окуу борбору ачылып, сантехникалык жана жасалгалоочу(отделочник) багыттары  боюнча мастер-класстар, студенттердин чыгармачыл көрсөтмөлөрү жана лицей боюнча экскурсия камтылды.

Бул жолугушуу Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп, улуттук билим берүү тармагындагы эл аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Иш-чараны №5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева жетектеп, ага КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Башталгыч билим берүү башкармалыгынын башчысы Мамырова Гүлнур Жекшебаевна жана эл аралык уюмдар катышты.

А.АКИМБАЕВА

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар